БШК: Бюллетендер шайлоочулардын санынан ашык болгон участкаларда жыйынтык жокко чыгат

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Токтогул райондук АШКнын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколун кабыл алууда, №2238 участкасында электрондук урнадагы бюллетендер аты-жөнү такталган шайлоочулардын санынан көп болуп чыккан.

«Шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда аты аталган участканын жыйынтыгы жараксыз деп табылат», — деп БШКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Ошондой эле, имараттан тышкары добуш берүүдөгү 6 участканын жыйынтыгы жокко чыгарылат. Анда көчмө урнага түшкөн бюллетендердин саны атайын реестрге катталган шайлоочулардын санынан көп болуп чыккан.

БШКнын маалыматына караганда, имараттан тышкары добуш берген №3234 номурлуу Тоң районундагы жана Араван районундагы №5363 участкаларынын, Ош шаарынын төрт участкасынын жыйынтыгыны жокко чыгарылат.

Аймактык шайлоо комиссиялары бүткүл Кыргызстан боюнча 6 участкада президенттик шайлоо боюнча, 7 участкада референдум боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Мыйзам боюнча, бюллетендердин саны референдумдун катталган катышуучуларынын санынан 0,1 пайыздан ашпашы керек. Бюллетендердин санынын шайлоочулардын санынан көп болушу, бюллетендерди атайылап көп санда салып жиберген дегенди түшүндүрөт.

Шайлоодогу бузуулар

Өлкөдө 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. «Клооптун» байкоочулары өлкө боюнча 1500 мыйзам бузуу жана башка окуяларды каттады.

Шайлоо күнү Кыргызстандын бардык аймактарынан бузуулар же техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу билдирүүлөр мүнөт сайын келип жатты. Так айта турган болсок, 17 жумуш сааты аралыгында 1500гө чукул мандемдүү көрүнүшттөр жана бузуулар тууралуу билдирүү келген. Өлкө боюнча ачылган участкалардын бери эле дегенде 8%да одоно мыйзам бузуулар болгон, алар шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санатат.

«Клооптун» байкоочулары көбүнесе добуш берүүнүн купуялыгы бузулгандыгын билдиришкен. Алар 420 ирет катталган. Демек, шайлоо комиссиясынын мүчөсү же бейтааныш адам добуш берүүчү кабинанын же автоматтык эсептөөчү урнанын жанында өтө жакын турган. Мыйзам боюнча алар урнадан 1,5 метр алыс турушу керек. Кээ бир учурларда УШКнын мүчөлөрү бюллетенди сүрөткө тартып, шайлоочунун ордуна бюллетенди башка адам салып жаткан фактыларды көрмөксөнгө салган.

Мындай аракеттердин айынан шайлоочу мыйзам тарабынан кепилденген толук купуялуулукта ишеним арткысы келген талапкерди шайлай албай калган.

Экинчи иретте байкоочуларыбыз атоматтык урналарлын (АСУ) ишиндеги бузуулар көп катталып жатканын кабарлап жатты. Мыйзам боюнча, ар бир участокто техникалык мүчүлүштүк жаралган учурда деп дагы бир кошумча электрондук урна жана эки кадимки ичи сырты көрүнгөн тунук урна коюлат.

Эгер биринчи электрондук урна бузулуп калса, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү урна бузулгандыгы тууралуу акт түзүп, экинчисин коюшу керек. Ал эми кошумча деп алынып келинген экинчи урна дагы иштен чыгып калса, анда дагы акт түзүлүп, кадимки тунук урна колдонулат. «Клооптун» байкоочулары өлкө боюнча АСУнун ишиндеги 357 мыйзам бузууну аныкташкан.

Көп учурда УШК мүчөлөрү электрондук урна бузулганы тууралуу акт түзбөй туруп эле дароо кадимки тунук урнаны орнотуп, андан соң кайрадан бюллетендерди өзүм билемдик менен электрондук урнага (АСУ) салышкан.

Айрым участоктордо электрондук урналар иштен чыкканда бюллетендер урнанын үстүнө жыйылып, кийинчерээк УШК мүчөлөрү аларды өздөрү салышкан.