Экс-башкы ветеринар Жумаканов УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди

УКМК Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы директору Калысбек Жумакановду кайрадан кармап, тергөө изоляторуна (ТИЗО) киргизди.

Мамлекеттик инспекцияда биопрепараттарды жана вакциналарды жогорку баа менен сатып алуу үчүн мамлекеттик сатып алууларды уюштурган жана кол алдындагылардан системалуу түрдө, жалпы суммасы 600 миң сомдон ашкан акча чогултулган коррупциялык схемалар аныкталганы кабарланууда.

«Маминспекциянын директорунун жетекчили алдында 2017-2020-жылдары 90 млн сомго ветпрепараттарды алып келүү боюнча мамлекет үчүн билип туруп пайдасыз келишимдер түзүлгөнү аныкталды.

Мындан тышкары, бош жетекчилик кызмат ордуларына милдеттүү конкурс өткөрбөстөн жана квалификациялык талаптарга жооп бербеген адамдарды мыйзамсыз дайындоо фактылары аныкталды», — деп билдиришти УКМКдан.

Жумаканов буга чейин 2020-жылдын ноябрь айында атайын кызмат тарабынан кармалган болчу. Анда УКМК Маминспекция вакцина сатып алуу үчүн пайдасы жок келишим түзүп, мамлекеттин бюджетине 31 млн сом зыян келтиргендигин кабарлаган.

Бирок, Бишкек шаардык сотунун чечими менен Жумакановдун ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

УКМК Жумаканов жаңы фактыларды иликтөөнүн алкагында кайрадан кармалганын белгиледи.