Кыргызстан — Орусия багыты боюнча авиабилеттин баасы кеминде эки эсе өстү — Транспорт министрлиги

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан — Орусия багыты боюнча аба каттамдарынын баасы кеминде эки эсе өстү.

Economist.kg басылмасынын маалыматына караганда, пандемияга чейин Бишкек — Москва — Бишкек багыты боюнча ар аптада 30дан ашык туруктуу каттам жүргүзүлүп турган, ал убакта билеттин орточо баасы 12 миң сомдун тегерегинде болчу.

Бүгүнкү күндө билеттин баасы 25 миң сомдон жогору, ал эми жакынкы каттамдын билети 40 миңен 50 миң сомго чейин жетет.

Министрлик билдиргендей, баалардын өсүшү учурдагы аба каттамдардын саны (апта ичинде жума күндөрү бир жолу) бар болгон муктаждыкты жаба албаганына байланыштуу.

«Туруктуу аба каттамдарынын саны чектелүү болуп, ал эми учууларга болгон суроо-талаптын көп болуп жатканы авиабилеттин кымбатташына алып келди, бул авиажүргүнчүлөрдүн арасында социалдык чыңалууну жаратууда», — деп белгилешти ведомстводон.

Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстан — Орусия багыты боюнча чартердик жана туруктуу рейстерди аткарган учактар 95%га толот. Бул Орусияга кетчү каттамдарга муктаждык жогору экенин айгинелейт.

Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев 18-январда өткөн басма сөз жыйында каттамдардын саны көбөйөрү менен авиабилеттердин баасы ордуна келерин белгиледи. Анын айтымында, жарандык авиация агенттиги баалар пандемияга чейинки убакыттай болот деп кепилдик бере албайт, анткени авикомпаниялар чоң чыгым тартышкан. Бирок Кыргызстан Орусияга болгон билет баасын арзандатып, каттамдардын санын көбөйтүүгө аракет кылат.

Ал Орусияга ишке орношуу үчүн кетүүнү каалаган кыргызстандыктарга чакыруу-негиздеме жана квалификация тууралуу маалымкаттын негизинде учууга болорун эскертти.

Шаршеев жарандарды маалымат алууга көмөктөшөм деген субагенттерге ишенбөөгө чакырды, анткени мындан улам учууда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

Эки мамлекеттин ортосундагы авиа каттам

Орусия Кыргызстан менен авиа каттамын 21-сентябрдан тартып жандандырган. Ал убакта Орусиянын коронавируска каршы штабы учактар Бишкекке аптасына бир жолу каттап турарын билдирген.

Каттамдар ачылгандан кийин «Аэрофлоттун» кеңсесинин алдында Орусияга билет сатып алгысы келгендер менен аны алмаштырууну каалагандардын кезеги жаралган. Аларды кеңсеге тизме менен киргизип, ал эми айрымдар бир нече күн кезек күтүп турууга аргасыз болгон. Мындан тышкары, билет баасы кыйла кымбаттап, 25 миң сомдон 130 миң сомго чейин жеткен.

Эки өлкө ортосундагы аба каттамдар өткөн жылдын жаз айларында пандемиядан улам токтотулган – андан бери, көбүнесе Кыргызстанга мекенине кайткан кыргызстандыктарды ташыган учактар конуп турган.

Орусияда жүз миңдеген кыргызстандык эмгектенет, алардын көбү эки өлкөнүн ортосунда учак менен каттайт. Мындан улам аба чек аралары ачылары менен билеттерге болгон муктаждык кескин өсүп кеткен.

ИТАР-ТАССтын маалыматына караганда, Орусиянын «Урал аба жолдору» деген эң ири авиакомпанияларынын бири 2019-жылы 9,5 млндон ашуун жүргүнчү ташыган.