Нарын облусундагы Жумгал районунун Байзак айылындагы спорт зал, спорттук мектептин курулушу жана маданият үйүнө жылуулук системасын киргизүү иштери 2016-жылдан бери бүтпөй келет. Иштерди бир эле кишиге караштуу эки башка компания аткарып жаткан. Бирок анын үстүнөн кылмыш иши ачылып, ал беш жылга эркинен ажыратылды. Ал эми курулуш иштери качан жанданары азырынча белгисиз.

Жумгал районундагы Байзак айылы — райондогу эң чоң айыл жана Нарын шаарынан 240 км алыстыкта жайгашкан. Бул айылдан Нарын шаарына коомдук транспорт каттабайт. Нарынга такси менен гана Кочкор аркылуу жетүүгө мүмкүн. Жумгалга барчу шагыл жолдун да эскилиги жеткен. Нарын шаарынан айылга жетүү үчүн атайын унаа жалдап, 5 саатта барууга болот. Бул айылда жалпы 1209 түтүн эл жашайт.

«Спорт залдын сөлөкөтү эле турат»

Байзак айылында учурда балдар спорт менен машыга турчу атайын имарат жок. Балдар мектептин тар бөлмөлөрүндө машыгууга аргасыз.

«Спорт мектеби дагы деле бүтпөй балдар мектепте машыгышат. Азыр мектептин директору дагы бошоткула деп жатыптыр, булар кайда барат эми? Балдар тар бөлмөдө машыкканына карабай көптөгөн ийгиликтерге жетип жатышат. Эгерде биздин айылдын спорт мектебин, спорт залды бүтүрүп беришсе биздин балдар мындан дагы көп ийгиликтерге жетишмек», — дейт айыл тургуну Насип Момунбаева.

Спорт залга 2014-жылы тендер өткөрүлүп курулушу башталган. Тендерден «Айнур» фирмасы утуп, биринчи этабына 5 млн сомго спортзал тургузулган. Айыл өкмөтүнүн башчысы Кайрат Качкынбаев тендердин шартына ылайык, спортзалдын сырткы бөлүгү гана тургузулушу керек болчу жана план боюнча иш бүткөрүлгөн деди.

Анткен менен 2016-жылы спорт залдын курулушун толук бүтүрүү үчүн экинчи ирет тендер өткөрүлүп, «Акы курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому уткан.

«Спортзалдын курулушу этап менен өткөрүлмөк. Спортзал, спорт комплексине тиешелүү. Бул объектини курууга жалпы 12 млн сом жумшалмак. Биринчи этабы жасалды, ал эми экинчи этабында "Акы курулуш" фирмасы 4 млн 996 миң сомго тендер утуп алган. Ал акчанын 3 млн 305 миң сому толук которулган. Акча которулгандан кийин бул жумуш аткарыла электе эле айыл өкмөт менен ушул эле фирманын ортосунда 305 миңге дагы келишим түзүлгөн. Бирок курулушун бүтпөй кетишти, арадан төрт жыл өттү. Азыр болсо, спорт залдын сөлөкөтү эле турат», — деп түшүндүрүп берди айыл өкмөт башчы.

Базак айылындагы курулушу токтоп калган спортзалдын көрүнүшү. Сүрөт: Дилде Шатанова

«Акы-курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому Нарын облусунда каттоодон өткөн. Компаниянын жетекчиси катары Ишенбек Султаналиев көрсөтүлгөн. Юстиция министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн номерге байланышууга мүмкүн болгон жок.

Мындан тышкары айыл өкмөтү айылдагы эскилиги жеткен «Дордо» спорт мектебин да капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 2016-жылы тендер жарыялаган. Тендердин негизинде спорт мектеби толук ремонттолуп, полу алмаштырылмак. Бул иштер үчүн мамлекеттен 480 миңге чукул акча каражаты бөлүнгөн.

«Спорт мектебин да “Акы-курулуш” компаниясы оңдоп-түзөөдөн өткөрүшү керек болчу. Аларга 480 миңдей сом акча толук бөлүнгөн. Иш башталганда болгону 150 миң сомдун буюмдарын алып келген. Азыр болсо ичи-тышын эптеп-септеп жасап койгон анысынан дагы суу кирип чекесинен жараксыз абалга келе баштады. Полу болсо полдонбогон бойдон турат. Учурда спорт мектеби ээнсиреген муздак жайга айланды», — деп белгиледи Качкынбаев.

«Заңгыраган зал бош турат»

Жумгал районунун Байзак айылындагы маданият үйү Нарын шаарындагы драма театрынан кийинки эле эң чоң маданий жай. Ал 600 орундуу. 2016-жылы бул имартка жылытуу системасы киргизиле баштаган. Бирок азыркы учурга чейин иштин 40%ы гана аткарылган.

«От казан менен имараттын кебетесин карасаңыз. От жаккан жери да бүтпөй турат. Бул айылдагы жалгыз маданият үйү, азыр болсо иш чаралар мектептин чоң жыйындар залында өткөрүлүүдө, ал жер тардык кылат. Маданият үйүндө 5 киши иштейбиз. Азыр суукка карабай келип жатабыз. Музыкалык мектеп да бар, ал жерде кыздар келип бийлешет», — дейт маданият үйүнүн кызматкери Апыш Акматов.

От жакчу жерден жылуулук маданият үйүнө жер алды менен алынып келинмек. Эки имараттын ортосу 100 метрден алысыраак. Бул аралыктын бардыгы казылган боюнча төрт жылдан бери көмүлбөй турат. Ал эми казылган аңдын тереңдиги 1 метрди түзөт.

«От казан менен айылдык клубдун аралыгын ушинтип казып коюшкан. Ошол боюнча кыймылдабай турат. Эми бул жакка бала-бакыра деле ойногону кирип кетишет да. Коркобуз, түшүп кетишип бир балекет болсо жаман да. От жаккан жердин сыртын эле эптеп бүтүргөнү болбосо, ичи жасала элек, терезелерди коюп коюшкан, бекитишкен да эмес», — деп Апыш Акматов казылган жер менен от жаккан жерди көрсөтүп берди.

Үч тендерди бир кишиге таандык компания уткан

Маданият үйүнө жылуулук системасы үчүн 2016-жылы жергиликтүү бюджеттен жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан төрт миллион сомго чукул акча бөлүнгөн. Тендердин негизинде «ЖИА» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган.

Юстиция министрлигинде бул аталыштагы эки жоопкерчилиги чектелген коом каттоодон өткөн. Бул тендерди утуп алган компания Нарында катталып, жетекчиси деп Абакирова Жылдыз Курманбековна көрсөтүлгөн.

Ал эми айыл тургундарынын айтымында, бул компания Ишенбек Султаналиевдики. Бул адамдын наамындагы «Акы-курулуш» компаниясы Байзак айылында спорт залды куруп бүтүрө элек жана спорт мектебинин оңдоо иштерин аягына чыгара элек. Башкача айтканды, бул үч тендерге бир эле адам катышып, утуп алган дейт айыл өкмөт башчысы Кайрат Качкынбаев.

Аталган компанияга акча которулган соң иштер башталып, 24 жаңы батарея коюлган. 2018-жылы иш бүтпөй жатканда жыйырмадан ашык батарея уурдалып кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан териштириле баштаган.

Бирок айыл жашоочуларынын айтымында, учурда райондук ички иштер бөлүмү тергөө иштерин бүтүрбөй келет. Алар бул иштин артында кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар деп шектенишүүдө.

«Азыр болсо трубалар эскирип, ажыратылган эски батареялар турат. Уурулук болгондо кароолчулар, фирманын кишилери бул жакта болгон. Кийин ушунун негизинде кылмыш иши козголгон болчу. Жумгал РИИБи текшерип жатат деген. Азыр алардан эч кандай кыймыл жок. Кийин батареялар кайра табылды деп, эски батареяларды алып келип коюп, ишти жаптырып салды деп угуп жүрөбүз. Сүйлөшүүлөр жүрүп, бул жерде бирөөнүн кызыкчылыгы болуп жатат деп ойлойбуз», — деп белгиледи айылдык кеңештин депутаты жана финансы комитетинин төрагасы Кубатбек Төлөшев.

Создуктурулган сот

Жумгал районундагы спорт залдын курулушу, спорт мектебинин ремонту жана маданият үйүнүн жылуулук системасы тууралуу иш сотко өткөрүлгөн. Айыл өкмөтүнүн айтымында буга чейин 3-4 ирээт сот иштери жүрүп, эч кандай жыйынтык чыккан эмес.

Маданият үйүнүн жылуулук системасын куруп жаткан «ЖИА» жоопкерчилиги чектелген коому, спорт зал менен мектепти куруп жактан «Акы-курулуш» компаниялары бир эле кишиге таандык. Тендерге катышкан да бир эле адам, Ишенбек Султаналиев болгон. Бул маалыматты Ишенбек Султаналиевдин адвокаты да тастыктады. Айыл тургундарынын айтымында, компаниянын жетекчиси да Байзак айылынан болот.

Айыл тургундары райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө иштерин бүтүрбөй жатканына жана ошол учурда тендер өткөргөн тарапка наарызы болушууда. Алар мамлекетке келтирилген зыян толугу менен кайтарылышын талап кылышууда.

«Бул имараттарды курууга эмне үчүн кечке бир эле фирманы тендерден уттурушканы бизге кызык. Ал фирманын директору биздин айылдык болсо эле ушундай кылса болот бекен?» — деп суроо салды айыл тургуну Насип Момунбаева.

Ишенбек Султаналиев 5 жылга кесилди

Айыпталуучу Ишенбек Султаналиев 2018-жылы 23-ноябрында Нарын районунун №24 убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жумгал райондук сотунун кызматкеринин айтымында, айыпталуучунун шек туудурган башка да иштери бар.

«ЖИА» ЖКЧсы Ишенбек Султаналиевдин биринчи жубайы Жылдыз Курманалиевага катталганы белгилүү болгон. Бирок иш жүзүндө Султаналиев иштетип келген. Султаналиев аталган компанияны иштетип жатканда 613 миң сом салыктан качканы аныкталган. Сот отурумунда Курманалиеванын атасы кызы компания салык кызматына карыз экенин билген эмес деген.

Эки жылдан кийин Нарын шаардык соту Султаналиевге карата чечим чыгарды. Ал «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу», «Документтердин жасалмасы» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Адвокатынын айтымында, ал 5 жылга эркинен ажыратылып, 220 миң сом айып пул салынды, ошондой эле мамлекетке келтирилген чыгымды толук кайтарууга милдеттендирилди.

«Менин жактоомдогу Ишенбек Султаналиев акчаны өзү алгандыгын ырастап, бирок ишти эмне эмне үчүн баштабай тургандыгын дагы айтты. Буга чейинки тендерден уткан фирма дагы ишти толук бүтүргөн эмес деп көрсөтмө берди. Спорт залга материалдарды алгандыгын жана калган жабдыктар Казакстанда даярдалып жаткандыгын айтты. Азыр Султаналиев Ишенбек Нарында убактылуу тергөө жайына киргизилген», — деди жактоочусу Зурабүбү Үмөталиева.

Жактоочу соттун чечимине макул эместигин билдирип, соттон карыган ата-энесин жана жашы жете элек төрт баласы бар экендигин дагы эске алуусун суранган. Ошондой эле ал өкүмдү облустук сотко даттанаарын кошумчалады.

Бирок учурда Байзак айылынын тургундары жана айыл өкмөтү чыгарылган чечимге наарызы. Себеби, 5 жылга эркинен ажыратылганы менен «тез эле бошонуп чыгып кетет жана курулуш иштери дагы деле бүткөрүлбөйт» деп эсептешет.

Материалдын авторлору: Дилде Шатанова, Найзабек Мукамбетов

Материал жактыбы? Сиз дагы бюджеттик мониторинг боюнча колдонмонун жардамы менен ушундай материал жаза аласыз. Андроид үчүн бул шилтеме аркылуу жүктөп алса болот.