Ош шаарына 22-январда кар жаап, эртең менен бороон-чапкын аралашкан катуу шамал болуп өттү. Айлана карга бөлөнүп, жолдор тайгак болду. Анткен менен аба тазарып, шаар кооз боло түштү. «Клооптун» фотографы Тойчубек Боронбаев калааны кыдырып, сүрөт баян даярдады.

Санитардык нормаларды сактаган эне-бала. Илдет арабыздан кете элек.
Таңкы сейилдөө.
Мектебине жөнөгөн окуучу.
Карга оролгон мечит.
Шаардын кичинекей тургундары кар ойноого киришип жатышат.
Маршрутка күткөн жүргүнчүлөр.
Оштун самсасы. Самсаканалар бороон-чапкында да өз иштерин улантышууда.
Унаалар да кар алдында калды.
Кызматкерлер көчөлөрдү кардан тазалоого киришти
Тургундар жааган карга сүйүнгөндөй элес калтырат.
Жаз да келет!