Өлкөдө COVID-19дун 71 жаңы учуру катталды — анын 33ү Бишкекте

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 25-январда Кыргызстанда коронавирус 71 кишиден аныкталганын маалымдады.

Аймактар боюнча эң көп учур Бишкек шаарында катталды — 33. Ал эми Чүй облусунда — 27, Ысык-Көл облусунда үч, Ош шаарында, Нарын жана Ош облустарында экиден, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден кишиден илдет аныкталды.

Ошондой эле өткөн суткада коронавирустан 98 бейтап айыкты.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 40, Чүй облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда — 14, Ош шаарында сегиз, Жалал-Абад жана Ош облустарында бештен, Баткен облусунда эки бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирустан Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 83 971ге жетти. Алардын ичинен 80 025 бейтап айыгып, 1 401 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 661 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 28 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 952 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.