Бишкек: Транспорт министрлигинин кызматкерлери митингге чыкты

26-январда Бишкектеги транспорт жана жолдор министрлигинин имаратынын алдында митинг болуп өттү. Мекеменин жол оңдоо башкармалыгынын (ДЭУ) аймактардагы 30дан ашык кызматкери жетекчиликтин иш-аракеттерине даттанышты.

Алардын айтымында, нааразычылык акциясына чыгууга айлык маянанын кечиктирилиши, атайын униформа берилбегендиги, акы төлөнгөн өргүүнүн, ысык тамак жана иштөө үчүн атайын жабдуулардын жоктугу себеп.

Митингге чыккандардын биринин айтымында, 2020-жылдын июль айынан бери жумушчулар 3000 сомдон алып жатышат, ал эми карантин маалында айлык таптакыр төлөнгөн эмес.

«Карантин учурунда бизге айлык берилген жок. Ал аз келгенсип күрөк жана башка шаймандарды үйдөн көтөрүп келебиз, жетекчилик жок дегенде униформа бербейт, биздин жумушка ылайыкталган өтүгүбүз да жок», — дейт ал.

Митингге чыккандардын дагы бири жетекчилик айлык эмне себептен кечигип жатканын түшүндүрбөй жатканын айтты.

Кийин митингчилерге мамлекеттик мекеменин жол башкармалык департаментинин директорунун орун басары Жумаш Содомбаев чыккан. Ал ДЭУ кызматкерлеринин айлыгы бир нече күндүн ичинде берилет деп убадалап, мамлекеттик бюджетте каражат жетишсиз болуп жаткандыктан кечигүү болууда деп түшүндүрдү.

Экономикалык кризис

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы күч алып, 2020-жылдын март айында өлкөгө өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден кийин мамлекеттин экономикасы кризиске баткан.

Мамлекеттик казынанын абалы Кыргызстандагы саясий кризистин башталышына шарт түзгөн 5-6-октябрда болуп өткөн саясий окуяларынан кийин начарлай башталган. Анда бир нече өлкөлөр менен эл аралык финансылык институттар өздөрүнүн өлкөнүн экономикасын колдоого жана COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган финансылык, донорлук салымдарын токтотушкан.

2020-жылдын декабрь айынын аягында ЖМКда Орусия Кыргызстанга кайтарымсыз 20 млн доллар бөлөрү айтылган. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бөлүнгөн акча «Кыргызстандын бюджетине колдоого, бюджеттик мекемелерде иштегендердин маянасына, пенсия жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле саламаттык сактоо системасын каржылоого» берилгенин кабарлаган.

Бирок каржы министрлигинин өкүлү Нурбек Акжолов бул каражат 2020-жылы пайда болгон бюджеттеги тартыштыкты жабууга жумшаларын «Азаттыкка» билдирген.

2020-жылы бюджеттин тартыштыгы 29,8 млрд сомдү түзгөн, ал эми 2021-жылга карата тартыштык 7 млрд сомго пландалган.

Ошондой эле, 2021-жылдын бюджетинде шайлоо иш-чараларын өткөрүүгө 858,4 млн сом каралган. БШКнын маалыматына караганда, 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга болжол менен 538 млн сом сарпталган.