Билим берүү министрлиги менен Дин комиссиясы окуучулардын жоолук салынышы боюнча үн катты

UMMA журналынан алынган скрин

Билим берүү жана илим министрлиги менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы биргеликте жалпы билим берүүчү мекемелерде баш кийим кийүү боюнча маалымат берди.

Буга чейин социалдык тармактарда Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы мектептердин бирине жоолук салынган окуучу кызды киргизбей жатканы боюнча маалымат тараган. Айрымдары бул боюнча пикирин айтканга дагы жетишкен.

Жалпысынан эле, окуучулардын мектепке жоолук салынып келиши коомдо такай талкууланып турат.

Билим берүү министрлиги менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы өлкөнүн Конституциясына жана «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда көрсөтүлгөндөрдү белгилеген. Ага ылайык, жарандар жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.

Өкмөт 2015-жылдын 12-августунда өлкөдөгү жалпы билим берүү мекемелеринде окуучулардын мектеп формасына карата бирдиктүү талаптарды бекиткен. Ага ылайык, эркек балдар үчүн мектеп формасы ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджактан турат. Ал эми кыздар үчүн классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджактан турат.

Окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, өңү, фасону кийимдин классикалык стилинде болууга тийиш, ал эми окуучулардын сырткы көрүнүшү тыкан болушу зарыл.

Спорттук кийимди жана бут кийимди, жынсы кийимди, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.

Өкмөттүн аталган чечиминде баш кийим (калпак, жоолук, орогуч, ж.б.), ободок кийүүгө (тагууга) эч кандай чектөөлөр каралган эмес.

«Ошондуктан, билим берүү системасы жоолукчан кыздардын билим алуу укугун камсыздоого милдеттүү. Билим берүү уюмдарынын администрациялары көрсөтүлгөн себептерден улам окуучулардын билим алуу укугун чектебеши керек. Алар өздөрүнүн түздөн-түз милдети болгон калкка сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө басым жасоосу кажет», — деп Билим берүү министрлиги белгилеген.

Билим берүү жана илим министрлиги дүйнө жүзүндө болуп жаткан пандемия шартында ата-энелердин финансылык абалын эске алып, 2020-2021-окуу жылынын аягына чейин милдеттүү форманы талап кылбайт.