Бишкек: Маршруткадан жүргүнчүнүн 40 миң долларын уурдаган киши кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери 26-январда жүргүнчү ташуучу унаадан 40 миң АКШ доллар уурдаган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол күнү Бишкек ШИИБге 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук таксиде уурдоо фактысы боюнча маалымат түшкөн. Укук коргоо органдары окуя болгон жерге барганда аларга 41 жаштагы жабырлануучу арыз менен кайрылган.

«Ал маршурттук унаанын ичинен баштыгын белгисиз адамдар уурдап кеткенин кабарлаган. Баштыгынын ичинде “Редми-9” үлгүсүндөгү чөнтөк телефону жана 40 000 АКШ доллары бар экенин айткан», — деп берилет билдирүүдө.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, анын натыйжасында 34 жаштагы шектүүнү кармашкан. Кармалган шектүү Октябрь РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш башталды.