Кыргызстанда коронавирустун жаңы 107 учуру катталды — жалпы 84 175 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 27-январда Кыргызстанда коронавирус 107 кишиден аныкталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 45;

Чүй облусунда — 27;

Ош облусунда — 16;

Ысык-Көл облусунда — 11;

Жалал-Абад облусунда — 5;

Ош шаарында — 1;

Нарын облусунда — 1;

Талас облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада коронавирустан 148 бейтап айыкты — алардын ичинде үч медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 60, Чүй облусунда — 46, Ысык-Көл облусунда — 21, жана Ош облустарында он, Нарын облусунда беш, Жалал-Абад облусунда үч, Ош шаарында эки жана Баткен облусунда бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирустан Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 84 175ке жетти. Алардын ичинен 80 330 бейтап айыгып, 1 405 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 607 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 25 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 900 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.