Президенттин иш башкармалыгы менен Караколдогу Мамсанэпидкөзөмөл борбору унааларын алмашты

Каракол шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жугуштуу оорулардын алдын-алуу борбору өзүнүн балансындагы 2016-жылы чыккан Toyota LC Prado жолтандабасын президенттин иш башкармалыгына өткөрүп бергенин билдирди. Эпидкөзөмөл борборунун кызматкерлеринин айтымында, жолтандабасты «азыраак май ичкен», ошол эле 2016-жылы чыккан Volkswagen Polo унаасына алмаштырып берүүнү өздөрү суранышкан.

Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун башкы врачы Нуркемел Бектуров «Клоопко» курган маегинде, мекеме президенттин иш башкармалыгына 2020-жылдын ноябрь айында эле кат жолдоп, автоунааны алмаштырып берүүнү өтүнгөн. Декабрь айында унаалар алмашылып, эпидкөзөмөл кызматкерлери аны айдап жүрөт.

«Эгерде бир жери сынып калса [жолтандабастын] токтоп тура берет. Анткени биздин бюджетибизде анчалык акча жок. [...] Бензинди дагы көп ичет экен. Ошондуктан биз шартыбызга карап, бензин менен тетиктеринин айынан алмаштырып берүүнү сурандык», – дейт ал.

Анын айтымында, унаа 2016-жылы чыкканына карабай 200 миң км ашык жүрүп койгон.

«Алар биздин өтүнүчүбүз менен Volkswagen Poloго алмаштырышты, ал 6 литр май ичет, ал эми Toyota 15 литр», — деп белгиледи ал.

Буга чейин соцтармактарда президенттин иш башкармалыгы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жолтандабасын тартып алган деген маалымат пайда болгон.

Иш башкармалыктан болсо Toyota унаасын мамлекеттик санэпидкөзөмөлдүн кызматкерлеринин өтүнүчү менен алмаштырып берилгенин кабарлашты.

«Мындай кадамга Санитардык эпидемиологиялык борбордун кызматкерлеринин өтүнүчүнөн улам бардык, анткени жолтандабас майды көп ичкендиктен медборбор үчүн кымбатка түшөт экен», – деп тушүндүрдү иш башкармалык.

Бул машина кайдан пайда болгон?

2020-жылдын июнь айында соцтармактарда Ысык-Көл облусунун башчысы Акылбек Осмоналиев жана анын орун басары Дамир Монолдонов пандемия маалында кымбат автоунаа сатып алышканы тууралуу маалымат пайда болгон.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн администрациясы ошондо айыптоолорду төгүндөп, автоунаалардын бири долбоордун эсебинен 2018-жылы эле сатып алынганын, ал эми экинчи машина облустагы айыл чарба жана туризмди өнүктүрүү боюнча ЮНИДО долбооруна таандык экенин билдирген.

Унаанын Мамсанэпидкөзөмөлгө берилиши

27-июлда Осмоналиевдин ордуна Балбак Түлөбаев облус башчы болуп дайындалып, ага кресло менен бирге кымбат автоууналар да өткөн. Бирок Түлөбаев машиналардан баш таркан. Жыйынтыгында, Караколдогу Мамсанэпидкөзөмөл борборунун автопаркы эски болгонуна байланыштуу, унаалардын бирөөсү ал жакка берилген.

Облустун администрациясынан санэпидкөзөмөл борбору жолтандабаска «абдан муктаж» экенин, анткени инспекторлор жумуштары менен тоого көп барарын билдиришкен.

Ошондой эле, анда ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк мындай унааны колдонууга өтө деле көп чыгым кетперин айткан. Анткени жолтандабастын кыймылдаткычынын көлөмү өтө деле чоң эмес, азырынча оңдоону талап кылбайт. Себеби ал 2016-жылы жасалганын белгилешкен болчу.