Жапаров президент катары алгачкы жарлыктарга кол койду

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы Садыр Жапаров президент катары алгачкы беш жарлыкка кол койгонун кабарлады. Бул жарандардын руханий адеп-ахлагын өнүктүрүү жана дене тарбиясы, жаңы кадрдык саясат, менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо, миграциялык кырдаалды жакшыртуу жана кен казуу тармагын реформалоо жөнүндө жарлыктар.

«Ички саясаттын эң маанилүү багытын — жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо максатында Президент Садыр Жапаровдун «Жарандардын рухий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» биринчи Жарлыгы болду», – деп белгилейт ведомство.

Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн биринчи кезекте маанилүү деп эсептеген жарлыктарды талдап көрөлү.

Жалпы өлкө үчүн жаңы Концепция

Жарлыкка ылайык, өлкөнүн өкмөтү 2021-жылдын 1-июнуна чейин Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын иштеп чыгып жана ишке киргизүүгө тийиш.

Ал «коомчулуктун, маданият, илим жана билим берүү тармагынын ишмерлери, бардык кызыкчылыгы бар тараптардын кеңири катышуусунда» түзүлөт.

Андан соң өкмөт «бул чөйрөдө колдонулуп жаткан бардык ченемдик укуктук, концептуалдык, программалык документтерди аларды инвентаризациялоо жана иштелип чыгуучу Концепцияга ылайык келтирүү жагына кайра карап чыгышы керек».

Концепцияда эмнелер камтылат?

Жарлыкта төмөнкү принциптер сөзсүз болушу керек деп айтылат:

  • турмуштук жүрүш-турушта руханий-адеп-ахлактык жүйөнүн материалдык кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы;
  • коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын жеке кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы жана аларды бири-бирине каршы койбоо;
  • мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдеринде, аракеттеринде калыстык принцибинин артыкчылыгы;
  • мамлекеттин жана коомдун негизи катары тарбиячылардын, мугалимдердин, врачтардын жана аскер кызматчыларынын статусунун барктуулугу жана баалуулугу;
  • патриоттуулук, каармандык, мамлекеттик жана муниципалдык бардык кызматтын элге жана Мекенге берилгендиги жана кызмат кылуусу;

Мамлекеттик органдарды эмне күтөт?

Документте элдин мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына ишенич деңгээлин көтөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жаңы талаптарды камтыйт. Ага ылайык, «мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар Конституцияны жана мыйзамдарды сактоодо, кызмат ордундагы жана кызматтык ыйгарым укуктарды коомдук иште жана жашоо-турмушта ак ниет аткарууда карапайым элге үлгү болуп», элдин пикирин жана талабын билдирип турушу керек.

Кадр тандоодо кыйла квалификациялуу, жогору адеп-ахлактуу жана кынтыксыз бедели бар адамдар тандалып, кадрдык резерв дагы ушул принципте даярдалат.

Маданият, билим берүү, илим жана спорт тармагын эмне күтөт?

Концепция билим берүүнүн окуу стандарттарын кайра карап чыгууну, окуучуларга жана окуу жайларынын студенттерине этика, эстетика жана дене тарбиясы боюнча предметтерди киргизүүнү камсыздайт.

Ошондой эле төмөнкү пункттар зарыл:

  • билим берүү системасында тарбия берүүнүн улуттук маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга ылайык келүүсү, жарандарды жана биринчи кезекте балдарды, анын ичинде турмуштук оор кырдаалдагы балдарды дене-бою жагынан, психикалык, социалдык, руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
  • ар бир жарандын чыгармачыл жөндөмдөрүн ачуу жана өнүктүрүү, аны эмгекти сүйүүгө жана жогорку адеп-ахлактык принциптерге, инсандын өзүн-өзү жетилтүү жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү;
  • балдарда жана жаштарда бүтүн дүйнө таанууну жана заманбап илимий көз карашты, эмгекке шыктанууну, активдүү жашоо жана кесиптик позицияны, табиятка этият мамиле кылууну калыптандыруу;
  • билим берүү системасына жогорку деңгээлде окуу процессин жүргүзүүгө, жөндөмдүү таланттуу педагогикалык жана илимий кызматкерлерди, адистерди тартуу;
  • дене тарбия жана спорт каражаттары аркылуу өсүп келе жаткан муундун жарандык-патриоттук тарбиясын жогорулатуу;
  • жарандардын, анын ичинде майыптардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу.

ЖМКларды эмне күтүп жатат?

Келечектеги Концепция жалпыга маалымдоо каражаттарына дагы тиешелүү. Журналисттер эки нерсени аткарууга милдеттүү:

  • салттуу коомдун баалуулуктарын, үй-бүлө, сергек жашоо, Ата Мекенди сүйүү жана элге кызмат кылуунун идеалдарын үгүттөө;
  • эл аралык деңгээлде өлкөнү жакшы жагынан көрсөтүү.