Өлкөдө коронавирустун 59 учуру катталып, 91 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 1-февралда Кыргызстанда коронавирус 59 кишиден аныкталганын маалымдады. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында үч медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 26 (үч медкызматкер);

Чүй облусунда — 19;

Ысык-Көл облусунда — 4;

Нарын облусунда — 4;

Баткен облусунда — 2;

Ош облусунда — 2;

Жалал-Абад облусунда — 1;

Талас облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада коронавирустан 91 бейтап айыкты.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 47, Чүй облусунда — 27, Ысык-Көл облусунда сегиз, Ош облусунда төрт, Жалал-Абад облусунда үч, Ош шаарында, Нарын жана Талас облустарында бирден бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 84 588ге жетти. Алардын ичинен 80 987 бейтап айыгып, 1 412 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 581 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 30 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 674 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.