Өсүмдүктөрдүн башы? Витаминдери бар болсо керек. Спорттук кийим? Балким анда пульсоксиметр бардыр. 2020-жылы кыргыз аткаминерлери түз сатып алууларга 2,8 млрд сом коротту, алардын арасында COVID-19дан дарылануу үчүн товарлар да бар. Бирок биз келишимдерде дары-дармектерден жана жеке коргонуу каражаттарынан тышкары дагы бир топ күтүүсүз товарларга туш болдук. Алардын ичинен кайсылары бюджеттин эсебинен сатылып алынып, кайсыларын «Клооп» редакциясы ойдон чыгарганын аныктап көрүңүз.

Мамлекеттик сатып алуу — бул мамлекеттик компаниялар товар менен камсыздоочуларды, жумуш жана кызмат көрсөткөндөрдү издеген система. Бул сатып алуулардын масштабы ар кандай, ал канцелярдык товарларды сатып алуудан баштап, мектеп жана ооруканаларды курууга чейин жетет.

Мамкомпаниялар товар менен камсыздоочуларды жана кызмат көрсөткөндөрдү конкурс менен тандайт: тоорукта кимисинин баасы төмөн болсо, ошону менен келишим түзүлөт.

Кээде мамлекеттик мекемелер камсыздоочулар менен келишимди сатып алуу жөнүндө алдын-ала жарыя кылбастан эле түзмө-түз келишим түзө алат. Ал төмөнкү учурларда гана мүмкүн:

  • эгерде сатып алуунун суммасы абдан аз болсо;
  • өлкөнүн коопсуздугу менен коргонуусун камсыздоо үчүн;
  • мамлекеттин башында турган биринчи адамдарды коргоо жана чет элдик делегацияларды тосуу үчүн;
  • эгер кечиктирилгис медициналык кийлигишүү талап кылынса;
  • авариялардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу үчүн.

Бирок, ар бир ушундай сатып алуу документ менен негизделиши керек.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындай режим учурунда, мисалы ооруканаларга COVID-19га каршы күрөшүү үчүн товарларды жана кызматтарды конкурсу жок эле сатып алууга мүмкүн.

2.8 млрд сом — кыргыз мамкомпаниялары 2020-жылы дал ушул суммага 8000 түз келишим түзүшкөн.

Биз аталган келишимдерди текшерип чыктык, көрсө бул келишимдерде бир эле дары-дармек жана жеке коргоочу каражаттар гана эмес, коронавирус менен күрөшүүгө таптакыр эле тиешеси жок көптөгөн нерселер бар экен.

Булардын ичинен чындап «ковидге» тиешелүү сатып алуулардан эмнени аныктап, дагы эмнесин ойдон чыгарганыбызды табыңыздар!

Тендер өткөрүлбөй түзүлгөн келишимдерди кантип тапса болот?

Редактору: Азиза Раимбердиева