«Түтүнгө ууланып жатабыз». Ош шаарындагы темир заводу убактылуу жабылды

Ош шаарындагы Жапалак айыл аймагында жайгашкан арматура чыгарчу темир заводу 1-февралда убактылуу жабылды. Анткени атайын түзүлгөн комиссия заводдун ишмердүүлүгүн иликтейт.

Буга чейин, 31-январда, аталган аймактын эки жүздөй тургуну чогулуп, темир заводун жабууну талап кылышкан. Жергиликтүүлөр өндүрүштөн чыккан түтүн аларды «уулап» жатканын, ошондой эле андан чыккан саркынды суу «эл ичүүгө пайдаланган каналга куюлганын» айтып даттанышкан.

Тургундардын айтымында, аймактагы жашоочулардын арасында онкологиялык оорулар көбөйгөн, ошондой эле жаш балдардын денелерине ар кандай жаралар чыга баштаган. Мындан сырткары алар, «ишкана түн ортосунда да иштеп, элге тынчтык бербейт» дейт.

«Түтүн чыгат, ал — майдаланган темир. Темир учуп алыс кетпейт. Оор, жерге түшүп келе жатканда биз дем алабыз. Темирдин калдыгы ичибизге кирип, чогулат. Анан 10 жылдардан кийин биз ушунун “үзүрүн” көрөбүз. Биз го өлүп кала беребиз, жаш балдар бар. Эртең бирөөсү рак болот, дагы бирөөсү башка оору менен ооруйт. Заводду жапкыла!» — деген чогулган тургундардын бири.

Ошондой эле жашоочулар завод 5-6 жылдан бери иштеп келгенин, ал убакытта бир канча жолу жергиликтүү бийликке кайрылышканы менен «эч кандай майнап чыкпаганын» кошумчалашкан.

Ал эми 1-февралда калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов, тиешелүү органдар жана ишкана башчысы Илгиз Капаров тургундар менен жолугушкан. Анда Капаров тургундардын айыптоолорун четке кагып, заводдун иши «мыйзамдуу» экенин билдирген.

Анын пикиринде «түтүндүн элге зыяны тийбейт», ошондой эле тургундар айткан «саркынды суунун» курамында «зыяндуу заттар жок» — ал «суу бир түтүктө гана айланып, кайра каналга куюлат» дейт.

«Бул жер өзү атайын ишкерлер үчүн жер да, завод-фабрикалар үчүн ылайыкташкан. Курулсун дешет, курулган нерсени иштете албай жатабыз. Бул [нараазычылыктар] бир-эки кызыкчылыгы бар адамдардан улам болуп жаткан нерсе. Завод талапка жооп берет, мыйзамдуу. Мамлекеттик деңгээлде текшерүүлөр болгон», — деди Капаров.

Калаа башчысы Сарыбашов Капаровдон атайын комиссия заводдун ишин иликтеп бүткөнгө чейин жумушту токтотуп турууну суранды.

Ал эми шаардык экотехинспекциянын башчысы Бекжан Султангазиев аталган ишкананын үстүнөн 2019-жылы текшерүү жүрүп, айыппул салынып иш токтотулганын билдирди. Бирок ишкана жергиликтүүлөр менен келишип алганын айтып кат жолдогон соң, алардын ишмердүүлүгүнө кайрадан уруксат берилген.

«Атмосфераны булгаганы боюнча буларга эскертүү берилген экен “фильтр койгула” деп. Булар коюшкан. Азыр эми жергиликтүүлөр бизге кат менен кайрылса, биз кайрадан Экономика министрлигинен уруксат алып, текшерүү жүргүзө алабыз. Ошол фильтрлер бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатабы, же биз кеткенден кийин эле алып койдубу текшеребиз», — деди Султангазиев.

Мындан сырткары ал завод жайгашкан жер өндүрүштүк зона экенин белгилеп, бирок ишмердүүлүк мыйзамсыз болсо сөзсүз түрдө жабылат деп убадалады.