Жээнбековдун үстүнөн түшкөн арызды ИИМ жана УКМК карайт — Башкы прокуратура

Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну талап кылып жаткан октябрь окуяларында жабыркагандардын арызы Башкы прокуратурадан ИИМ менен УКМКга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Vesti.kgге башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, арыз каралып, андан соң мурдагы өлкө башчысынын аракеттерине укуктук баа берилиши керек. Башкы прокуратура маалымдагандай, тергөөнүн жыйынтыгын кийинчерек аталган органдар кабарлайт.

Жабыркагандардын арызы

Адвокат Замир Жоошев 27-январда фейсбук барагында парламенттик шайлоодон кийин 2020-жылдын 5-6-октябрында жабыркагандардын билдирүүсүн жарыялаган. Алар экс-президент Сооронбай Жээнбековду «укук коргоо орган кызматкерлерине митингчилерди күч менен кууп таркатууга буйрук бергени» үчүн жоопко тартууну талап кылышкан.

Алар бул аракеттери үчүн Жээнбековду экс-президент макамынан дагы ажыратууну дагы талап кылышкан. Алар арызын ошол күнү Башкы прокуратурага жөнөтүшкөн.

Билдирүүдө экс-президент октябрь окуяларында жарадар болуп каза тапкан 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмү үчүн дагы жоопкерчиликке тартылышы керек деп айтылган.

Жабыркагандардын кызыкчылыктарын «Кыргызстандын жактоочулар бирикмеси» коргойт. Ошондой эле, жарандар өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн «“Кыргыз Үмүтү” Октябрь элдик революциясынын баатырлары» Коомдук бирикмесин дагы түзүшкөн.

Жээнбековдун отставкасы

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган саясий кризистин шартында 2020-жылдын 15-октябрында отставкага кеткен.

Ошондо шайлоодогу көптөгөн бурмалоолордон улам шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Бишкектин башкы аянтына чыгышкан. Андан соң 6-октябрга караган түнү укук коргоо орган кызматкерлери менен жарандардын ортосунда кагылыш болгон.

Бул башаламандыктардын шартында экс-депутат Садыр Жапаров тарапкерлеринин колдоосу менен абактан бошотулуп, андан соң өлкөнүн премьер-министринин жана президенттин м.а. болуп дайындалган.

Жапаров өлкөнүн башкы кызматтарын аркалоо менен кадр саясатын жүргүзүп, маанилүү кызматтарга үзөңгүлөштөрүн, анын ичинде УКМКнын учурдагы башчысы Камчыбек Ташиев менен биргеликте түптөгөн «Мекенчил» партиясындагы кесиптештерин дайындаган.

Мындан тышкары, Жапаров өлкөнүн башкаруу формасын жана Конституциясын өзгөртүү боюнча референдумду дагы демилгелеген.

Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтүп, парезиденттик башкаруу формасы жеңишке жеткен. Ушул эле күнү өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо өтүп, анда Жапаров алдыга чыккан.