«5 миң сомго жашаса болот, бирок кыйын», — өкмөт башчылыкка талапкер Марипов

3-февралда Жогорку Кеңеште премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралды. Жыйында депутат Дастан Бекешев Мариповго 5600 сомду түзгөн жашоо минимуму тууралуу кеп козгоп, бул суммага жашаса болобу же жокпу деп суроо узатты.

Марипов бул суммага «болот, бирок кыйын» деп жооп берди. Бекешев өкмөт качан жакырчылыкты жоюу, мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүү сыяктуу маселелердин үстүндө иштей баштайт деп дагы сурады.

Болочок министр «система» бизнестин ишине тоскоолдук кылганын токтоткондо гана айлыктар көтөрүлөт деп жооп берди. Анткен менен Марипов кайсыл ведомстволор бизнестин өнүгүшүнө бут тосуп жатканын ачыктаган жок.

Депутат Дастан Бекешев жашоо минимуму тууралуу маселени буга чейин да көтөргөн. Анын айтымында, эгер өкмөт жашоо минимумун ушул бойдон калтыра турган болсо, анда депутаттар, премьер-министрлер жана президент дагы ушундай эле өлчөмдөгү маяна алышы керек.

Бекешев бул үчүн мыйзам долбоорун демилгелеп, аны коомдук талкууга коюуну пландап жаткан. Бирок, депутаттын айтымында, анын документин Жогорку Кеңештин сайтына жарыя кылбай жатышканына бир айдын жүзү болуп калды. Бекешевдин ою боюнча, бул кетиш менен парламенттин аппаратында депутаттардын цензурасы орной баштаган, буга жол берилбеши керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин аппаратынан Бекешевге жоок кайтарып, депутаттын мыйзам долбоору аларга келбегенин билдиришкен.

Бирок депутат долбоордун жарыяланышын күтпөстөн аны өз сайтында жарыялоону чечкен. Ал жарандар 10 миң кол чогултуп, долбоорду өздөрү демилгелей алышат деп кошумчалаган.