Factcheck.kg басылмасы «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты жана учурдагы президент Садыр Жапаровдун досу Адыл Жунус уулу Бишкекте имарат курууда инвесторлорду кантип алдап кеткени тууралуу иликтөө чыгарды.

Иликтөөдө Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде Садыр Жапаров коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары болуп турганы айтылат.

800 миң долларлык иш

Журналисттер мындан 12 жыл мурда «Эктесад Новин» банкы, ошол эле учурда ирандык инвестор 800 миң долларды кайтарып берүү арызы менен сотко кайрылган. Сот актыларынын сайтында бул актыны «Адыл Жунус уулу» деп издеп тапса болот.

Иштин негиздемесине ылайык, 2008-жылы 19-августта инвестор менен доогердин ортосунда Бишкекте киши турууга ылайыкталган эмес имаратты сатып алуу тууралуу келишими түзүлгөн.

Келишимдин шарты боюнча, сатуучу курулуш аяктаган соң имаратты сатып, жерин ижарага бериши керек болчу.

Курулуш аяктаган имараттын баасы 1 чарчы метри үчүн — 13.30 долларды түзөт. Бул суммага курулуш жүргөн жер тилкесинин 49 жылга чейинки ижара баасы да кирген. Келишим боюнча ирандык доогер сатуучуга алдын ала 300 миң доллар төлөп берген.

Кийинчерек сатуучу бир катар милдеттерин өз убагында аткара албай калгандыктан тараптар 2008-жылы октябрда келишимге толуктоолорду киргизишкен. Ага ылайык, «сатып алуучу сатуучуга алдын ала төлөнгөн суммага кошумча дагы 500 миң доллар төлөп берүү милдетин алган».

Бул акча сатуучуга «Ысык-Көл» банкынын алдындагы карызынан кутулууга керектелген. Ал убакта аталган банкты Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова башкарып турган. Жалпысынан кыргыз тарап ирандыктардан 800 миң доллар алган, бирок инвестор ошол бойдон имаратын ала албай калган.

Келишимге ылайык, эгер сатуучу жерди сатып алуучуга сатып же ижарага берүүдөн баш тартса, анда ал инвесторго алдын ала төлөнгөн акчаны эки эсе өлчөмдө кайтарып бериши керек, тактап айтканда, 1,6 млн доллар.

Бирок депутат Адыл Жунус уулу курулуш аяктаганы тууралуу Ирандын «Эктесад Новин» банкына кабар бербей келишимдин бул шарттарын бузган. Ошол эле учурда ал 2012-жылы майда инвесторго каражатты кайтарып бербөөнүн амалын тапкан.

«Курулуш иштери бүткөн соң, имаратын сатмак болгон эл өкүлү инвестордун өзүн сотко берген экен. Болгондо да, ага айтпай туруп. Свердлов районунун соту ишти сыртынан карап, бардык сатуу-сатып алуу келишимдерин жана аларга кошумча келишимдерди жараксыз деп тапкан. Ошентип, Иран тарап төлөп берген 800 миң доллар да жокко эсе болуп калган эле», — деп түшүндүрүшөт Factcheck.kgнин журналисттери.

Ишти ким жана кантип караган?

Иликтөөчү-журналисттер «Эктесад Новин» банкынын иши 2015-жылы да Свердлов райсотунда мурдагы судья Элвира Жаркееванын төрагалыгы астында каралганын белгилешет

Жаркеева 2012-жылкы соттун чечимин туура деп тааныган. Бул чечимге ылайык, бардык документтер менен кошумча келишимдер жараксыз болуп чыккан. Ал соттун чечимин 2012-жылы күчүнө кирген, 2015-жылга карай арыз мөөнөтү өтүп кеткен жана калыбына келтирүү мүмкүн эмес деп дагы токтом кылган.

Иран тарап доо тууралуу кабар албагандыктан чечимдин үстүнөн өз убагында арыздана албай калганын жүйөө келтирген, бирок Жаркеева бул аргументтерди күчү жок деп таанып койгон.

«Жыйынтыгында, сот банктын депутатка койгон талабы — аталган сумманы өндүрүү боюнча жарандык процессти токтотуу жөнүндө чечим чыгарган», — деп түшүндүрүштү басылманын журналисттери.

Мындан тышкары, журналисттер судья Элвира Жаркеева 2018-жылы кызмат абалынан кыянат пайдалануу, алдамчылык, кылмыштуу топ менен тил табышуу, билип туруп акыйкатсыз өкүм чыгаруу боюнча шектелип кармалганын дагы белгилейт.

2020-жылдын декабрында Жаркееванын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлүп, ал тергөө абагынан бошотулган.

Садыр Жапаровдун бул ишке кандай тиешеси бар?

Ибраимов 100 дарегинде жайгашкан бизнес-борбор ошол бойдон инвесторго берилген эмес. Factcheck.kg басылмасынын маалыматына караганда, ал жоопкердин жана депутат Адыл Жунус уулунун жубайы Туран Турсун кызынын атына катталган.

Ибраимов 100 дарегиндеги бизнес-борбор

Садыр Жапаров 2021-жылы январда шайлоо үгүтү учурунда Кара-Сууга барып, шайлоочулар менен жолугушкан. Анда ал «бир нече досу менен имарат куруп, аны 2010-жылы бүтүргөнүн» эскерген.

«Революциядан кийин “Ата Журт” менен шайлоого катышалы деп, республикалык штаб кылганбыз. Жетинчи апрелчилер келип маңдайындагы плакатты сыйрып алып, өрттөгөн. 2010-жылдан бери мен оппозицияда жүргөндөн бери бир күн иштетпей койгон. Арендага да берилбей, иштебей турган. 10 жылдан бери каралбай калган. Мен түрмөдөн чыккандан кийин, актап, сырдап, штаб кылып койдук», — деген Жапаров.

Садыр Жапаровдун Бишкектеги шайлоо штабы чындап эле Ибраимов көчөсү, 100 дареги боюнча жайгашкан.

Мындан тышкары, соттун 2015-жылдын 7-декабрындагы аныктамасында жоопкер Адыл Жунус уулуна Александр Сергеевич Мощин ишенимдүү өкүл болуп бергени көрсөтүлөт. Мощин 2021-жылы өткөн шайлоодо Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Бул имарат тууралуу 6-январда КТРКнын дебатында президенттикке талапкер жана «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев дагы үн каткан. Ал атаандашы Садыр Жапаровдун парламент депутаты Адыл Жунус уулу аркылуу Кытай менен байланышы бар экенин айткан.

Исаев Жапаровдун Жунус уулун досум деп атап, аны менен Бишкекте бирге имарат курганбыз деп айткан Кара-Суудагы жолугушуусун дагы эскерген.