Транспорт министрине аял киши сунушталып жатканы парламентте талкуу жаратты

Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов Транспорт жана курулуш министрлигине тажрыйбасы мол эркек киши келсе болмоктугун парламенттин жалпы жыйынында билдирди. 

Бүгүн, 3-февралда, Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү каралып жатат. Аны өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Марипов тааныштырууда. Анда Транспорт жана курулуш министри кызматына Гүлмира Абдралиеванын талакерлиги сунушталууда.

«Биз айымдарды сыйлайбыз, айымдарга Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү министрлиги жана башка жактан орун таап, Транспорт жана курулуш министрлигине жакшы көңүл бурсаңыздар болмок экен», — деди Шарапов.

Өз кезегинде, Марипов Гүлмира Абдралиевага ишеним көрсөтүлүп жатканын белгилеп, эгерде ал бул тармакты оңдосо министр эркектердин саны азайышы ыктымалдыгын айтты. Ал ошондой эле, бул орунга талапкерлерди тандоодо төмөнкү принциптер каралганын билдирди.

«Биз кайсы принципке карадык — таза иштөө жана адискөй жагына карадык. Бул эң көп капиталдык салым алган министрлик. Жол бул Кыргызтандын артериясы. Азыр аз келгенсип курулуш тармагы дагы кошулуп жатат. Ал [курулуш тармагы] азыр кандай абалда экенин билесиздер. Гүлмира Курманбековна ушул маселелер боюнча өкмөттө дагы иштеген тажрыйбасы мол, кыска убакытта жакшы көрсөткүчтү көрсөтөт деп ойлойбуз», — деди ал.

Дагы бир депутат Рыскелди Момбеков жол транспорт министрлигине чыныгы жолчу келиши керектигин белгилеп, мурдагы министр жана азыркы сунушталып жаткан талапкер дагы жолчу эмес экенин белгиледи.

Бирок депутат Иса Өмүркулов Гүлмира Абдралиева жакшы эле иштей ала турганын айтып, ал бардык тепкичтерди басып өткөн, такшалган адис экенине токтолду.

«Иштейт, дагы кандай иштейт. Бардык тепкичтерди басып өттү, өкмөттүн бөлүмүндө иштеди, министрдин орун басары болду. Көп министрлерге караганда тажрыйбасы, даярдыгы бар. Анан калса айым, айымдарды таарынтпай, андан көрө колдоого алалы. Биз колдосок иш жылат. Айымдарды көрүп эркектер да намыстанып жакшы иштейт го деп ойлойм», — деди ал.

Гүлмира Абдралиева ким?

Ал 1972-жылы 29-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында төрөлгөн.

Исхак Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетин «Тигүү буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо» адистигин аяктаган.

Экономикалык өнүгүү, өнөр-жай, соода жана туризм министрлигинин Көзөмөлдөө башкармалыгында башкы адис болуп иштеген. Андан сырткары ушул эле министрликтин Техникалык жөнгө салуу башкармалыгында бөлүм башчы болгон.

Ошондой эле, Транспорт жана коммуникация министрлигинде Мамлекеттик жөнгө салуу жана коопсуздук башкармалыгынын жетекчисинин орун басарылыгын үч жыл аркалаган. 2013-2016-жылдары Транспорт жана коммуникация министрлигинин автомобиль транспорту бөлүмүнүн башчысы. Ал эми 2016-2017-жылдары транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары болгон. 2017-жылдан бери өкмөт аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.