Садыр Жапаров премьер-министрлик кызмат жоюларын билдирди

Президент Садыр Жапаров 4-февралда телеграм каналында өкмөттү реформалоонун алкагында жакынкы жарым жылда премьер-министрлик кызмат жоюларын билдирди.

*Телеграм канал чындап эле президентке тиешелүү экенин Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек бышыктады.

«Премьер-министр кызматы жоюлат, ошону менен кошо бири-бирин кайталаган мамлекеттик ишканалар жана кызматтар жокко чыгарылат», — деп жазды Жапаров.

Жапаровдун айтымында, жаңы өкмөттүн мүчөлөрүндө ишинин жыйынтыгын көрсөтүш үчүн жарым жылдык убактысы бар. Ал маморгандарды реформалоо баскычы «убакытты талап кыларын» дагы кошумчалады.

Учурда премьер-министрлик кызматты Улукбек Марипов аркалайт — аны дайындоо жарлыгына Жапаров 3-февралда кол койгон. Ошол эле күнү президент жаңы министрлер кабинетин жана өкмөттүн түзүмүн бекиткен.

Жаңы түзүм боюнча 12 министрлик калды. Өкмөттө реформа кылууну Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрында президенттин милдетин аткарып турган учурунда эле демилгелеген.

Бул кызматка Садыр Жапаров тарапташтарынын жардамы менен 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки саясий кризистин шартында келген. Өкмөттүн курамын өзгөртүүдөн сырткары, Жапаров башкаруу формасын аныктоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү дагы демилгелеген.

Бул окуялардын бардыгы 2020-жылдын октябрь айында башталган саясий кризистин кесепетинен улам болгон. Башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум жана президенттик шайлоо 10-январда өткөн. Президенттик жарышта Садыр Жапаров жеңишке жеткен, ал эми референдумда жарандар президенттик башкаруу формасы үчүн добуш берген.

Эми кыргызстандыктарды Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана парламенттин жетинчи чакырылышын шайлоо күтүп турат.