«2 млн сом компенсация». Ооруканадан уулуна ВИЧ жуккан эне өкмөттү соттон утуп алды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөттүн автору: Адилет Абдырасул уулу Kloop үчүн

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынан уулуна АИВ жуктуруп алган аял аталган оорукананы жана Саламаттык сактоо министрлигин Жогорку соттон утуп алды. Эми министрлик ага 2 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөп бериши керек.

«Азаттык» үналгысы жазгандай, бул Кыргызстанда ооруканадан ВИЧ жуктурган балдардын ата-энелери мамлекеттик мекемелерди соттон уткан алгачкы учур.

Ал эми саламаттык министрлигинин юристи Жогорку соттон аталган өкүм чыкканын тастыктап, бирок кенемте төлөп берүү боюнча чечим министрликке жолдоно электигин билдирди. Анын айтымында, чечим колго тийгенде гана кенемте төлөө жагы каралат.

*Өкмөттүн жаңы түзүмүндө министрлик Саламаттык сактоо жана Соцөнүгүү министрлиги бириктирилди

«Кан куюшту. Ошол канда ВИЧ бар экен»

Атын атагысы келбеген аял «Азаттык» басылмасына окуянын чоо-жайын баяндап берген. Анын айтымында, баласы бир жашында, 2010-жылы, жыгылып түшүп эс-учун жоготкон. Тез жардам кызматы келбей койгондуктан, ал уулун Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына алып барган.

«Август айы, жекшембинин кечи эле. Реаниматологдор дароо жасалма дем алдырчу жабдууну улашты. Уулум комага түштү. Ага кан куюшту. Бирок ошол канда ВИЧ бар экен. Баламды куткарат деген үмүт менен барган ооруканада ага түбөлүк оору жугуп каларын билген эмесмин», — деди ал.

*ВИЧ — кыргызчасы АИВ — адамдын иммун тартыштык вирусу

Ал эми ооруканадан чыккан соң бир айдай уулунун ден соолугу жакшырбай койгон. Мындан улам аял баласын Бишкек шаарындагы Энелерди жана балдарды коргоо борборуна алып келген. Борбордо дарыланып жүргөндө тапшырган анализдер бала ВИЧге чалдыкканын көрсөткөн.

«Мени да текшеришкен, каным таза чыккан. Кайра-кайра текшерткем, жыйынтыгы бирдей боло берген. Бир канча жолку текшерүүлөрдүн натыйжасында балага Кызыл-Кыядагы ооруканада куюлган канда ВИЧ болгону тастыкталган», — деди баланын апасы.

Бул окуядан соң аял кайрадан Кызыл-Кыяга кайтып барган. Бирок ал ооруканага барганча «уулунун ооруу тарыхчасындагы жазууларды өздөрүнө ыңгайлуу кылып өзгөртүп алышканын» айтат. Ошондой эле «документтерди архивге жөнөттүк» деген шылтоо менен аялдын колуна эч нерсе беришкен эмес.

Мындан улам ал милицияга, прокуратурага жана жергиликтүү бийликке кайрылган. Бирок мындан майнап чыккан эмес.

«Милицияга, прокуратурага бардым. Жагдайды түшүндүрдүм. Органда иштегендер менин үстүмөн күлүп, “туура жолдо жүргөн адамдын баласына ВИЧ жукпайт” дешти. Ыйладым, уруштум, жалындым… Арызымды албай коюшту», — дейт ал.

2011-жылы эне Жогорку Кеңештин депутаттары ошол кездеги депутаттары Дастан Бекешев жана Ширин Айтматовага кайрылгандан кийин гана арызы Башкы прокуратурага жөнөтүлүп, тергөө башталган.

Анын иши үч жылдан кийин гана Кызыл-Кыя шаардык сотунда каралып, баласына дарыгерлердин шалаакылыгынан улам АИВ жукканы далилденген. Бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткендиги айтылып, тиешелүү кызматкерлер жоопко тартылышкан эмес.

Аял ал арада өзүнө жана уулуна карата басымга туш болгондуктан Бишкек шаарына көчүп келген. Бирок 11 жаштагы баланы азыркы учурга чейин эч кайсы мектепке кабыл албай келишет.

Ал «Адилет» укуктук клиникасындагы адистердин жардамы менен Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жана ССМге 5 миллион доо коюп Жогорку сотко кайрылганын белгиледи. 2020-жылдын 8-декабрында сот отурму болуп, сот жоопкерлерди эки миллион төлөөгө милдеттендирген.

Эне-бала учурда мамлекет тараптан ай сайын балага берилчү 4000, эне үчүн төлөнүүчү 4900 сомго күн кечиришет. Баланын апасы кенемтени ала электигин, бирок ал «өз учурунда төлөнөт деп ишенээрин» кошумчалаган.

Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 382 балага медкызматкерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ жугуп калган. Алардын көбү 2007-2008-жылдарга туш келет.

Ал эми анын көбү Ош облусунун Ноокат районунда — 139 бала райондук ооруканадан вирусту жуктурган. Кийинчерээк мындай диагноз алардын ата-энелерине да коюлган. Бул боюнча Ош облустук соту беш медициналык кызматкерди «Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашынын кесепетинен АИВ илдетин башка адамга жугузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Бирок кылмыштын мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу жазык иши өндүрүштөн кыскартылып, айыпталуучулар жоопкерчиликтен бошотулушкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов 2019-жылы медициналык кызматкерлердин шалаакылыгынан АИВ жуктургандарга бир жолку 100 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

«Өмүр бою дарылануу жана 4 миң сом». Дарыгерлердин шалаакылыгынан АИВ жуктуруп алган эне-балдардын окуялары