Иллюстративдик сүрөт. Ош шаары. Автору: Тойчубек Боронбаев/Kloop.kg

Ош облусунда жашаган өзбек кыз-келиндер арасында мектепти аяктап жогорку билимге ээ болгондор анчейин көп эмес. Анткени алардын ата-энелери кыздар эң биринчи турмуш курушу керек деп эсептешет. Ошентсе да бардык тоскоолдуктарды жеңип жакшы көргөн кесипти аркалап жаткандар да жок эмес. Ал эми адистер кыздардын билим алышына да шарт түзүп, алардын потенциалын ачуу керек деген пикирде.

«Күйөөмдөн жашырып окууга тапшырдым»

Иллюстративдик сүрөт, Ош шаары. Автору: Тойчубек Боронбаев/Kloop.kg

36 жаштагы Муштарий беш баланын апасы. Ал Оштогу Кыргыз-өзбек университетинин баштапкы билим берүү адистиги боюнча коллежин бүтүрдү. Ал жайдын келиши менен бала бакчага ишке кирүүнү көздөп турат.

Бирок кесипке ээ болуу Муштарийге оңой турган жок. Алгач аны окутууга үй-бүлөсүнүн шарты да, каалоосу да болгон эмес. Мындан улам ал 21 жашында турмушка чыккан. Ал эми 33 жашка толгондо Муштарий окуусу керек экенин түшүнгөн.


«Мен кеч калганымды түшүнсөм да фейсбуктагы досторумдун кеңештери менен үч жыл мурда окууга кирүүнү чечтим. Төрт кызым, бир уулум бар. Аларга жакшы келечек куруп берүү үчүн окуп, иштөөнү чечтим», — дейт ал.


Ал окуу жайга кирип жатканын жакындарына жана миграцияда жүргөн жолдошуна айткан эмес.

«Жубайым Орусияда болгону үчүн ага да айткан эмесмин. Айтсам каршы болушу мүмкүн эле. Окуу акысын иштеп жүрүп төлөдүм. Ушул жылдын башында бир ымыркайды асырап алганбыз, жайга чейин ал чоңоюп калат, ошондо жумушка кирүүнү пландап жүрөм», — дейт ал.

Муштарий өзбек улутундагылар арасында аялдарга карата дискриминация бар экенин айтып, муну жойгусу келээрин кошумчалады.

«Негизи, биздин өзбектер аялдарын окутпайт, аялдар үйдө отуруп үй иштерин кылууга милдеттүү деп эсептешет. Менталитет ушундай... Мен буга кайыл болгум келбеди, аял киши да адам, анын да окууга, иштөөгө, өзү тапкан акчасын каалагандай пайдаланууга акысы бар», — деп түшүндүрдү ал.

Ош шаары, Алишер Навои атындагы сейил бак. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop.kg

Араван районунун 19 жаштагы тургуну Мухайо учурда Ош шаарында секс кызматын көрсөтүү менен жан багат. Арткан акчасын окуу жайга тапшыруу үчүн чогултат.

Мухайонун жаш балдарга жакын болгондуктан баштапкы класстардын мугалими болууну каалаган. Бирок кесипке ээ болушуна жакындары каршы чыгып, аны турмушка узатышкан.


«Турмушка он сегизге толбой чыккам. Бир жарым жыл жашадым, кайненем менен мамилебиз жакшы болбогондуктан ажырашканбыз. Азыр эки балам бар, бири айылда, экинчи балам Ошто мени менен турат», — дейт ал.


Ал эмне иш кылганын үй-бүлөсүнө айткысы келбейт — бир туугандары аны Бишкекте иштейт деп ойлошот.

«Мамлекет жаштардын билим алышын көзөмөлдөш керек»

Ош шаары. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop.kg

Эмгек сиңирген мугалим Арофатхон Алимжанова өзбек коомундагы көпчүлүк эл билимге кайдыгер деген пикирде. Мындан улам ал мамлекет жаштардын билим алышын көзөмөлдөш керектигин айтат.

«Таланты жана потенциалы бар аялдарды "исламда болбойт" деп окутпай, үйгө камап койгондор өкүндүрөт. Өзбек кызына жаш кезинен эле болочоктогу жубайына кандай кызмат кылуу, кайненени кантип ыраазы кылуу жөнүндө үйрөтүп, психикалык жактан даярдап, он сегизге чыкканда эле турмушка узатып жатышат», — деп кейиди Алимжанова.

Ош шаары. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop.kg

Ал эми Оштогу Амир-Темур кичи районундагы №47 мектептин директору Дилшод Мамадалиев кыздарды жогорку окуу жайына окутпоо «адатка айланган» дейт.

Анын айтымында, жылына он кыз мектепти бүтүрсө анын үчөө ЖОЖго тапшырат, ал эми үчөөнүн экөөсүн турмушка чыккандан соң жолдошу окутпай коёт.


«Мен окуучуларыма дайыма окугула деп айтам. Мисалы төрөтканага барганда аялын эркек врачтарга көрсөтүүгө каршы болгондо көп. Сен кызыңды окутпасаң, мен окутпасам, аял врач кайдан табасың?» — деп суроо салды Мамадалиев.


«Аялдар жок дегенде балдары үчүн сабаттуу болушу керек»

Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop.kg

Оштогу «Ынтымак» телерадиокомпаниясында эмгектенип жаткан Умида Мырзабаева үй-бүлөсүнүн каршылыгына карбай мугалим кесибине ээ болгон.

Анын айтымында, эл арасында ЖОЖдордо окуган кыздар «көчөдө калган» деген түшүнүк да бар. Мындан улам көпчүлүк ата-энелер кыздарын окутпай турмушка узатууга шашат.


«Окуган кыздар өз укуктарын жакшыраак билгендиктен да кайын журтуна баш ийбей коёт деп чочулашат [...] Ата-энелери кыздарын окутканы менен күйөөсү диний түшүнүктөрдөн улам көп учурда иштетпей коёт», — дейт ал.


Ошондуктан Мирзабаева динди да туура таанытуу керек деп эсептейт. Анын пикиринде кыздар иштебесе да балдарына билим берүү үчүн сабаттуу болушу шарт.

«Карантин учурунда көпчүлүк балдар кыйналды го. Апалары окубаган болсо кыйынчылыктар жаралат экен. Келечек муун үчүн маданияттуу, окумуштуу апалар керек», — деп сөзүн жыйынтыктады Мирзабаева.

«Кыздар коомдо активдүү болууну каалашат»

Ош шаары. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев

Жаштар менен иштешкен Youth of Osh коомдук бирикмесинин өкүлү Назгүл Акылбек кызынын айтымында, кыздардын көпчүлүгү коомдук иштерде активдүү болууну жана жогорку окуу жайга тапшырууну каалашат. Бирок буга көбүнчө алардын аталары же агалары тоскоолдук кылышат.

Ал мындай көрүнүштөрдү жоюу үчүн алардын ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алар жашаган коомчулукта кыздарды активдештирүүгө багытталган долбоорлорду жана окутууларды көбүрөөк уюштуруу керек дейт.

«Дегеле окуудан сырткары алар өздөрүн лидер катары сезе ала турган шарттарды түзүш керек. Алардын жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу билимдерин жогорулатуу абзел», — деди ал.

Акылбек кызы Youth of Osh уюму дал ушул жаатта 2019-жылдан 2020-жылга чейин жаштар арасында «Кыялыңды орундат» долбоорун ишке ашырганын айтты.

Анда Өзгөн шаарындагы Мырза-Аке айыл аймагынан 100гө жакын мектеп жана медресе окуучулары конкурстук негизде тандалып, өзүн-өзү таанып билүү, медиасабаттулук жана дин жаатындагы мыйзамдар тууралуу үйрөнүшкөн.

Долбоордун негизинде окуучулар өз алдынча алты чакан демилгени ишке ашырышкан. Ошондой эле алар менен чогуу мектеп жана медресе мугалимдери да тренингдерге тартылган.

Редакторлору: Элвира Султанмурат кызы, Айбике Адилет кызы