Өлкөдө COVID-19дун 88 учуру катталып, 110 бейтап айыкты

Республикалык штаб 5-февралда Кыргызстанда коронавирус 88 кишиден аныкталганын маалымдады.

Илдеттин эң көп учуру Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды — 33 жана 28. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда он, Ош облусунда сегиз, Нарын облусунда үч, Ош шаарында, Талас жана Жалал-Абад облустарында экиден кишиден коронавирус аныкталды.

Акыркы суткада коронавирустан 130 бейтап айыкты — анын ичинде эки медкызматкер бар. Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 50;

Чүй облусунда — 22;

Ысык-Көл облусунда — 22;

Ош шаарында — 6;

Ош облусунда — 4;

Жалал-Абад облусунда — 3;

Нарын облусунда — 1;

Талас облусунда — 1;

Баткен облусунда — 1.

Ошондой эле COVID-19дан Бишкек шаарында жана Баткен облусунда бирден киши көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 84 920га жетти. Алардын ичинен 81 440 бейтап айыгып, 1 420 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 511 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 33 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 608 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.