Видео: Бишкек шаарындагы «Миң түркүн» соода борборунан өрт чыкты

Бишкек шаарындагы «Миң түркүн» соода борборунун ичинде жайгашкан «Fix Price» дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 7-февралда билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Кырсык тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат таңкы 8:36да келип түшкөн. Өрт менен күрөшүүгө Свердлов, кийинчерээк Октябрь жана Биринчи май райондук өрт өчүрүү кызматынын бөлүмдөрү жөнөтүлгөн.

«Мындан тышкары саат 09:10до Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ИИМден 2 бригада жана тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган. Дүкөндөн чыккан өрт саат 09:19да чектөөгө алынып, саат 09:50дө толугу менен өчүрүлгөн», — деп берилет Өдин билдирүүсүндө.

Учурда өрттүн себеби жана зыяндын өлчөмү такталып жатат.