Британиянын The Economist Intelligence Unit (EIU) иликтөөчү борбору жыл сайын өтүүчү өлкөлөрдүн демократиялык көрсөткүчтөрү боюнча рейтингин жарыялады. Ага ылайык, 2020-жылы Кыргызстан былтыркы жылга салыштырмалуу алты кадам артка кеткен. Анда Кыргызстан 167 өлкөнүн ичинен 107 орунга ээ болгон.
«Октябрдагы максатына жетпей калган парламенттик шайлоо Кыргызстандагы демократиялык принциптердин туруктуу эрозиясын ансайын ырбатты», — деп белгиленет баяндамада.
Рейтингдин авторлору Кыргызстанды «Борбор Азиядагы жалгыз авторитардык эмес, бирок ага жакындап бара жаткан мамлекет» деп аташкан.
«Парламенттик шайлоо чоң кемчиликтер менен коштолуп, коомдогу олуттуу башаламандыктарга жана андан кийинки шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга алып келген. Андан соң мөөнөтү аяктап калган парламент ыйгарым укуктарын узартып, премьер-министрди шайлаган. Ал эми жаңы шайланган премьер басым аркылуу бийлигин бекемдеп, убактылуу президенттин ролуна ээ болгон. Шайланбай келген аткаминерлерге тийиштүү тең салмактуулук жана бейтараптуулук принциптерине таянбастан иштөөгө жол берилген», — деген белгилешкен баяндаманын авторлору.
Баяндамага ылайык, Кыргызстан 2019-жылдагыдай эле гибриддик саясий режим орун алган өлкөлөрдүн категориясына кирген.
«Мындай режимде жашаган башка өлкөлөрдө, Кыргызстанга салыштырмалуу, шайлоо процессинде жана плюрализм жаатында жакшыруу байкалган», — деп белгиленет баяндамада.
Британ изилдөө борбору жыл сайын демократиянын дүйнөлүк рейтингин жарыялайт. Ал 60 көрсөткүчтөн турат. Өлкө ичиндеги демократиянын абалын мүнөздөгөн: шайлоо процесси жана плюрализм, өкмөттүн ишмердүүлүгү, саясий катыштар, саясий маданият жана жарандык эркиндикти аныктаган негизги 5 категорияга бириктирилген.
2020-жылга карата дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду Норвегия алды. Анын артында Исландия, Швеция, Жаңы Зеландия жана Канада өлкөлөрү турат.
Дүйнөдөгү демократиянын жалпы деңгээли 2020-жылы 0,7 баллга начарлап, бул көрсөткүч басылманын 2006-жылдан берки рейтингинин эң начар жыйынтыгы болду. Рейтингдин авторлорунун пикиринде, мындай жыйынтык коронавирус пандемиясы убагындагы жарандардын укуктары жана эркиндиги чектелгенден улам келип чыкты.
«Чек аралар жабылгандыктан эркин жүрүү чектелген. Ошондой эле, аралыкты сактоо, обочолонуу, коменданттык саат сыяктуу чектөөлөр киргизилген. Беткап тагынуу милдеттендирилип, нааразылыкка чыгууга тыюу салынган. Сөз эркиндиги чектелип, тартипке баш ийбегендерди жазалоо үчүн мыйзамдын бардык күчүн колдонушкан. Бул тизме антиутопиялык сезилиши мүмкүн, бирок 2020-жылы бардык адамдарга тиешелүү болгон», — деп белгилешкен рейтингдин авторлору.
Кыргызстандагы саясий кризис
2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандыктардан кийин өлкөдө саясий кризис орун алган. Анда миңдеген кыргызстандыктар митингге чыгып, өлкөдөгү болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирген.
Нааразычылыктар митингге чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өсүп жеткен. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи меджардам көрсөтүлгөн.
Ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди курчоого алып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан.
Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректерин талкалап, өрттөшкөн.
Борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жарааттарынан улам көзүнөн айрылгандар да болгон.
Нааразычылыктардын шарданы менен абактагы айрым саясатчылар, анын ичинде парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаров эркиндикке чыккан. Абактан чыккандан кийин Жапаров өзүн-өзү премьер-министрлик кызматка дайындап, андан соң президенттин милдетин аткаруучу болгон. Андан соң кадрдык алмашууларды жүргүзүп, өлкөдөгү маанилүү кызматтарга үзөңгүлөштөрүн дайындаган.
Ал президенттин милдетин аткаруучу кезинде эле өлкөдөгү министрликтер менен ведомстволордун санын кыскартуу керек деп айткан. Жапаров өлкөдөгү мамлекеттик кызматтарга кадрлар тааныш-билиштик негизде алынып жатканына нааразылыгын билдирген. Ошол эле учурда, өзү айрым кызматтарга куда-сөөгүн дайындаган.
Ошондой эле, башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум, Конституциялык реформа жана кезексиз президенттик шайлоонун башкы демилгечилеринин бири дагы Жапаров болгон. Ага ылайык, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум бир күндө өткөн — президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңишке жетишип, шайлоочулардын көпчүлүгү президенттик башкаруу формасы үчүн добуш беришкен.
Эми өлкөдө дагы бир шайлоо болушу күтүлүүдө. Анда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары шайланат. Ушул тапта иштеп жаткан алтынчы чакырылыштын мөөнөтү өткөн жылдын октябрь айында соңуна чыккан. Бирок жаңы чакырылыш шайланганга чейин алтынчы чакырылыш ишин улантып жатат.
Ага карабай депутаттардын ишмердүүлүгү юристтер жана коомчулук тарабынан сынга алынууда. Юристтер депутаттар кабыл алган мыйзамдар күчкө ээ эмес деп эсептешет, анткени парламенттин өзү легитимдүү эмес дейт алар.