«Президенттин атын жамынышууда». Муфтий аны кызматтан алуу аракети болуп жатканын айтты

Муфтий Максат Токтомушев АКИpress басылмасына маек куруп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) уставына карабай аны кызматынан мыйзамсыз бошотууга аракет кылып жатышканын айтып берди.

Токтомушевдин айтымында, ага карата басым республика мусулмандарынын курултайынын алдында күчөгөн. Апрель айынын башында ал жерде жаңы муфтий, анын ичинде Аалымдар кеңешинин 21 мүчөсү менен Борбордук ревизиялык комиссиянын жетекчилиги шайланмак.

Муфтийдин пикиринде, айрым «кызыкдар адамдар» бар, алар «[курултайга чейин] эки ай калганда аны жамандап, жалаа жаап жатышат, бирок буга чейин [Токтомушевди айыптап жатышкан укук бузуулар] болгон эмес». Токтомушев буга көнгүсү келбейт, ал муфтийдин кызматына кайрадан талапкерлигин коюуну көздөйт.

Муфтийлик кызматка кимдер көз артып жатат?

Токтомушевдин айтымында, бүгүн аны арам ойлуулар кызматтан алгысы келип жатат. Ал буга Аалымдар кеңешиндегилер, мурдагы муфтийлер жана «мамлекеттик аткаминерлердин арасындагы айрым адамдар» кызыктар деп эсептейт.

«Президенттин атын жамынып жатышат. Алардын кызыкчылыгы — ислам динин жайылтууда эч кандай баалуулук жок. Өздөрүнүн гана жеке максаттары бар. Бардык ушактар жеке максаттарды гана көздөйт. Бардык айыптоолор — жалган жана ушак. Эмнеге? Анткени мунун баары жек көрүүчүлүктөн жана жеке пайда көрүү максаттарынан улам болуп жатат», — деди Токтомушев.

Муфтий бул билдирүүлөрү менен өткөн аптада активист Келдибек Аскаралиев айтып чыккан маалыматты жарым-жартылай бышыктады. Басма сөз жыйында Аскаралиев Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн учурдагы муфтийди кызматтан алуу үчүн добуш бергиле деп коркутуу болуп жатканын билдирген — бул учурда Токтомушев курултайдагы шайлоого катыша албай калат.

Аскаралиев билдиргендей, дин кызматчыларына басым кылууга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экс-башчысы Зайырбек Эргешов, Конституциялык кеңешменин мүчөсү, «Садыр Жапаровдун жардамчысы» Арзыбек Бурканов, ошондой эле Аалымдар кеңешинин башчысы Абибилла Кадырбердиевдин тиешеси бар. Активисттин айтымында, алар Токтомушевдин ордуна Султан Гафуров аттуу кишини койгулары келет.

Муфтийдин айтымында, андагы маалыматка ылайык, «алар тарабынан ушундай аракет болгон».

«Каалоо дагы эмес, алар аракет кылышкан. Мага чалып, арыз жазып, кызматтан кетиш керек экенин, ордума Султан Гафуровду коюш керек экенин айтышкан. Мага менин кеңешчим чалган, ага алар айтышыптыр. [Алар] президенттин кеңешчиси Арзымат Буркановдун атын жамынып Султан Гафуров менен Рахматтуло Эгембердиев [мурдагы муфтий] айтыптыр», — деп жыйынтыктады сөзүн Токтомушев.

Максат Токтомушев «Арзымат Бурканов» деген бирөөнү айтып жатат, бирок ал Арзыбек Бурканов тууралуу айткысы келген болушу мүмкүн. Аскаралиев дагы, Токтомушев дагы Буркановду Жапаровдун «кеңешчиси» же «жардамчысы» деп аташууда, бирок анын кеңешчилеринин расмий тизмесинде Бурканов жок, ошондой эле өлкө башчысынын сайтында аларды дайындоо тууралуу дагы буйрук жок. Ошол эле учурда Арзыбек Бурканов 2013-жылы кыймылсыз мүлккө байланыштуу Камчы Көлбаевдин ишинде күбө болгону маалым. Бул иштерде Садыр Жапаров дагы кыйыр түрдө аталган. Октябрь окуяларынан кийин Бурканов расмий эч кандай кызматка дайындалган эмес.

Президент эмне деп айтты?

Бул окуядан кийин муфтий президент Садыр Жапаров менен жолуктурууну суранууга аргасыз болгон.

«Ооба, жолуктум. Анын позициясы — баары макулдашуу менен болуш керек, ынтымак жана достук болуш керек. Биз, тактап айтканда бийлик силердин ишиңерге кийлигишпейбиз, силер устав боюнча курултай өткөрүп, татыктуусун тандагыла деди», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле, «президент баарын тактоону суранды, ал муфтийди алмаштырууга тапшырма берген эмес» деп кошумчалады.

Буга чейин Садыр Жапаров аны менен түшкөн сүрөтүн кандайдыр бир кызматка баруу же маселесин чечүү үчүн колдонгондор «өз жазасын алат» деп билдирген. Ал өзүн президенттин жардамчысы же кеңешчиси катары тааныштырып, өз кызыкчылыгын сүрөмөлөгөндөр жана мыйзам бузгандар дагы жоопко тартыларын эскерткен.

Токтомушевге карата кандай нааразылыктар болгон?

Андан кийин Бурканов менен жолугушуу болгон. Анын айтымында, Токтомушевге карата нааразылыктар текшерилбеген маалыматтан улам келип чыккан — ал маалыматта 100 зыяратчы ажыга акы төлөгөнбүз деп арыз жазганы айтылган. Коронавирус пандемиясынан улам ажылык сапар болбой калган, бирок зыяратчылардын баарына эле төлөнгөн акчалары кайтарылган эмес.

«Биз маалымат базасынан текшердик, арыз жазгандардын бирөө да ал жакта жок. Мунун баары фейк ысымдар», — деп айтты Токтомушев. Ал КМБДга дагы бир даттануу Аалымдар кеңешинин башчысы Абибилла Кадырбердиевден келип түшкөнүн кошумчалады. Аалымдар кеңеши акчаны «кимдир бирөө уурдап» же «шайлоодо колдонгонуна» байланыштуу динчилдерге акча бербей жатышат деп эсептешкен.

«Бирок бизден сурашкан эмес, такташкан эмес. Алардын көздөгөнү башка болчу. Кудай баарын билет. Алар муфтийди алмаштырып, өздөрүнүн адамын коюуну каалашкан. Мындай болбойт, баары мыйзам чегинде болушу керек. Биз мамлекеттин мыйзамдарын жана шариятты сыйлашыбыз керек», — деп айтты Токтомушев.

Ажылык сапарга деген акча КМДБда калганын муфтий дагы тастыктайт. Бирок, анын айтымында, ал каражаттын «бир тыйыны дагы сарпталып, бир сому дагы уурдалган эмес».

Азыр Борбордук ревизиялык комиссия финансылык ишмердүүлүктү текшерип жатат жана бул акчалар боюнча отчёт даярдалууда. Ажылыкка бара тургандардын айрымдары акчасын кайтарып алганын эске алсак, эсепте 10 млн доллар каражат калган.

Муфтий азыркы убакта ажылык сапар ачык-айкын уюштурулуп жатканын айткан. Токтомушев атаандаштарына «мындан ары мурдагыдай болбойт» деп эскертти.

«2014-жылдан бери бизде ажылык сапар электрондук ыкма жана УКМК, ИИМ, өкмөт кирген ведомстволор аралык комиссиянын катышуусу менен уюштурулат. Мурдагыдай виза сатуу деген болбойт. Азыр баары банк, интернет, жандуу кезек аркылуу ишке ашат. Баары көрүнүп турат», — дейт ал.

Эмне болгон жер участогу?

Токтомушев мугалим Салима Медерованын айыптарын дагы четке какты. Жакын арада эле Медерова басма сөз жыйында кыргыз мусулмандарынын лидери «Ихсан Хайрия» кайрымдуулук фондунан жер участогун сатып алууда кепил болуп берген деген маалыматты айткан.

Ал Медерова менен тааныштыгын тастыктаганы менен ага «бир сом да карыз эмес» — бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы дагы билдирген. Анын айтымында, Медерова менен фонддун өкүлдөрү ага талашты чечишип алуу үчүн келишкен.

«Биздин миссия — касташкандарды элдештирүү, адеп-ахлакка чакырабыз. Мен тараптарды элдешүүгө үндөгөм, ал эми Кчкорбек Жумуназаровго [фонддун өкүлдөрүнүн бири] акчаны же участокту кайтырып бере элек болсо кайтарып бер деп айткам. Эгер андай кылбаса, анда сотко кайрылгыла. Ушуну менен биздин ыйгарым аяктайт. Биз сот же укук коргоо органы эмеспиз», — деп жыйынтыктады Токтомушев.

Максат Токтомушев деген ким?

Максат Токтомушев Кыргызстандын муфтийи кызматында 2014-жылдан бери иштеп келет.

Максат Токтомушев Ош облусунун Кара-Кулжа айлында 1973-жылы туулган. 1995-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн, кесиби боюнча «зооинженер».

Андан соң диний билим алуу үчүн Пакинстанга барып, 2003-жылга чейин «Аль-Арабия» университетинде ханафий мазхабын үйрөнгөн — Токтомушев араб жана урду тилдерин билет.

Кайтып келгенден кийин 2005-жылдан 2013-жылга чейин «Абдулла ибн Масуд» медресесинде окутуучу болгон. 2010-жылы дагы бир кесипке ээ болгон: Ислам экономикасы жана банктык иш боюнча дипломго ээ болгон. Буга катарлаш 2008-жылдан 2010-жылга чейин Бишкектин 7-кичи районундагы мечитте имам, 2010-2-13-жылдары Бишкек шаарынын казысы кызматын аркалаган.

2013-жылдын июль айынан 2014-жылдын январына чейин Токтомушев Кыргызстан муфтийинин орун басары болгон, андан соң Мусулмандар дин башкармалыгынын башчылыгына дайындалган. 2017-жылы ушул эле кызматка кайра дайындалган. Кыргызстандын муфтийинин жети баласы бар: беш уул жана эки кыз.