Коронавирустун 58 жаңы учуру катталып, 111 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 9-февралда Кыргызстанда коронавирустун 58 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Чүй облусунда жана Бишкек шаарында 23төн кишиде COVID-19 аныкталды. Ошондой эле Нарын облусунда беш, Ысык-Көл облусунда үч, Ош облусунда эки, Ош шаарында жана Талас облусунда бирден киши коронавируска чалдыкты.

Акыркы суткада коронавирустан 111 бейтап айыкты. Аймактар боюнча:

Чүй облусунда — 40;

Бишкек шаарында — 31;

Ысык-Көл облусунда — 18;

Ош облусунда — 9;

Жалал-Абад облусунда — 5;

Ош шаарында — 3;

Талас облусунда — 2;

Баткен облусунда — 2;

Нарын облусунда — 1.

Ошондой эле COVID-19дан Бишкек шаарында эки киши көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 85 171ге жетти. Алардын ичинен 81 825 бейтап айыгып, 1 433 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 289 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 31 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 543 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.