Президент Садыр Жапаров социалдык тармактарда Кочкор районунун Бакай аттуу тургуну ага саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин унаасын белек кылганын билдирди.

«“00-01 ФИА” номерлүү автоунаа 1970-жылы Турдакун Усубалиевге берилген экен. Темир тулпар бир нече жыл тебилип, кийин соңунда Кочкордогу жердештеринин колунда көздүн карегиндей сакталып турган. Мени суктандырганы, машине дале жапжаңы, жакшы каралган», — деп жазды Жапаров.

Жапаров бул унааны Мамлекеттик тарых музейин белек кылып өткөрүп берерин билдирди.

«Мындай баалуу тарыхый буюм баарыбызга тең орток, баарыбыздын энчибиз. Заманбап автоунаалардын түрү жайнаган азыркы заманда жаш муун көрүп, ата-бабалардын кандай унаа тээп, жок эле дегенде кандай шартта жашап-иштегенин элестетип алышса деле, алар үчүн тарбия. Ошондуктан, Турдакун Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине белекке тартуулоону туура көрдүм», — деди президент.

Турдакун Усубалиев — советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, 1961-1985-жылдары Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. 1993-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын алган. Узакка созулган оорудан улам 2015-жылы каза болгон.