Электрондук алака. Жапаров элге мамкызмат көрсөтүүнү жакшырта турган жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров 9-февралда «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Анда өкмөткө жана Жогорку сотко багыттлаган токтомдор жана сунуштар камтылган.

Эч кандай кагаз жок

Жапаров министрлер кабинетине 2021-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардан жана юридикалык жактардан кагаз түрүндө маалымкаттарды же документтерди талап кылуу жол-жобосун жоюуну сунуштады.

Президенттин жарлыгына ылайык, аны электрондук кызмат көрсөтүүгө алмаштырып жана «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашып, ошондой эле соттуулугу жөнүндө маалымкатты толугу менен автоматташтырууну камсыз кылуу керек.

Презиленттин жарлыгы боюнча, өкмөт Улуттук банктын катышуусунда 2021-жылдын 1-майына чейин моменталдуу төлөмдөрдүн жана акча которуулардын улуттук системаларын киргизүү үчүн иштиктүү кадамдарды дагы жасашы керек.

Ал эми Жогорку сотко Жапаров «жарандар жана юридикалык жактар боюнча аткаруу өндүрүшү тууралуу маалыматты Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына жайгаштырууну» сунуштады.

Электрондук документтер

Садыр Жапаров 2021-жылдын 1-майына чейин жарандардын мамлекет менен болгон алакасын жөнөкөйлөштүрүү үчүн электрондук ID-карталар, электрондук айдоочу күбөлүктөрү, транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө электрондук күбөлүктөр түрүндө санарип документтерди киргизү маселесин чечүүнүнү сунуштады.

Ошондой эле, Жапаровдун жарлыгына ылайык, 1-майдан тартып ID-карталар 16 жашка чыккандарга гана эмес, пенсионерлерге, бардык категориядагы майыптарга, муктаж үй-бүлөлөргө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана Баткен окуяларынын катышуучуларына акысыз бериле баштайт.

Өкмөткө 2021-жылдын аягына чейин электрондук кол тамгаларды күбөлөндүрүүчү борбор ачуу тапшырмасы дагы берилди.