«Манас» аэропортунун экс-башчысы Чукуев коррупцияга шектелип кармалды — Башкы прокуратура

«“Манас” эл аралык аэропорту» ААКнын экс-төрагасы Эмир Чукуев кармалып, ТИЗО-1ге киргизилди. Ал түрк компаниясына эл аралык жүк ташууларда мыйзамсыз жеңилдиктерди берген деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Чукуев 2015-2018-жылдары «Манас» аэропортун жетектеп турганда Түркиянын «Gata Havayollari ve Tasimacilik» фирмасына эл аралык жүк ташуулар үчүн мыйзамсыз жеңилдиктерди берген. Анын кесепетинде мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян тийген.

Бишкектин Ленин райсоту 8-февралда Чукуевди 2021-жылдын 6-апрелине чейин ТИЗО-1де камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Буга чейин Башкы прокуратура бул иш боюнча калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимов дагы фигурант экенин кабарлаган. Ибраимов жана дагы бир нече аткаминер «“Манас” эл аралык аэропорту» ААКнын директорлор кеңешин башкарып турган.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, берилген жеңилдиктердин айынан малекеттик казынага 2016-жылдын июнь айынан тарта 2020-жылдын ноябрь айына чейин 12 млн доллар же 893 млн сом зыян тийген.

Бул иш боюнча «Компания Манас Менеджмент» ЖАКнын экс-башчысы Нурсултан Белеков дагы кармалган. Мындан тышкары, Албек Ибраимовду, «Манас» эл аралык аэропортунун кызматкерлерин, Мамүлк фонду менен Мамлекеттик антимонополия агенттигинин жооптуу адамдарын дагы жоопкерчиликке тартуу маселесин каралууда.

Ибраимовго карата кылмыш иштери

Албек Ибраимовго буга чейин дагы коррупция боюнча айыптар тагылган. 2019-жылы ал «муниципалдык жерди мыйзамсыз берүү» жана «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууга байланыштуу күнөөлүү деп табылган.

Ибраимовдун тиешеси бар делген башка кылмыш иштери ал 2011-2012-жылдары жетектеген ТНК «Дастан» ишканасы менен байланыштуу. Тергөөнүн версиясы боюнча, Ибраимов ишканага «атайын буюмдарды» жеткирүү боюнча келишимди кымбаттатылган баада түзүп, ал үчүн жеткирүүчү компаниядан 270 миң доллар алган.

2019-жылы декабрда Бишкектин Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратып, аялына катталган мүлктү конфискациялоо чечимин чыгарган.

Учурда Ибраимовдун жүргөн жери белгисиз, ал 2020-жылы 6-октябрга караган түнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылыктардын шартында абакта отурган башка саясий камактагылар менен бирге бошотулган. Бул факт КЖБРге «Жаза өтөөдөн качуу» беренеси боюнча катталган.