Президент Садыр Жапаров 10-февралда энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды.
Президент калкты электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо «олуттуу маселелердин бири экенин» билдирди. Ал жаңы энергетика кубаттуулуктарын ишке киргизүү, энергиянын кайра калыбына келүүчү булактарынын потенциалын пайдалануу боюнча иштерди тез арада баштоо зарыл деп эсептейт.
*Энергиянын кайра калыбына келүүчү булактары — бул кубаты түгөнгүс деп эсептелген бардык энергия булактары. Буга күндүн нуру, суу, шамал, жер геотермалдык булактар жана башкалар кирет. Кыргызстанда кайра калыбына келүүчү энергия булактарынын ичинен артыкчылыктуу багыт деп дарыяларга жакын жайгашкан калкттуу пункттарга, айыл-чарбаларына чакан ГЭСтердин (5тен 300 кВтка чейинки) курулушу саналат. Күндун нурунан кубат алуучу батареяларды орнотууга ири аянттар талап кылынат — күндүн энергиясын пайдаланууга ыңгайлуу деп Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустары эсептелет. Шамал станцияларын курууга туруктуу катуу шамал болушу керек. Буга Ысык-Көл облусунда аз-маз мүмкүнчүлүк бар.
Энергетика министри энергокызматтар өлкөнү жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн күчөтүлгөн иш жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. Жолугушууда өлкөгө электр кубаттуулугун арттырууга жана энергиянын кайра калыбына келүүчү булактарын өнүктүрүүгөжардам бере турган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси дагы такууланды.
Президент электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана энергиянын кайра калыбына келүүчү булактарын өнүктүрүү темасын боло турган энергетикалык кризистин шартында көтөрдү.
Соңку жылдары бийликте утур-утур алмашып келген вице-премьерлер, премьер-министрлер жана президенттер дагы Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли азайып жатканын айтышкан.
Токтогул суу сактагычы Нарын дарыясында Токтогул ГЭСнин дамбасы менен пайда болгон. Гидроэлектростанциянын өзү Кыргызстанды 40-50%ын электр кубаты менен камсыздайт.
2020-жылдын августунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков да республикада электр энергиясы тартыш болорун айткан.
2020-жылдын 12-августунда Кыргызстан Казакстандан 500 млн кВт/саат электр энергиясын сатып алары белгилүү болгон.
Бийлик калктын электр энергиясын колдонуусуна чектөө киргизбей турганын убадалаган. Бийлик суу сактагычтагы суунун тартыштыгын бир нече жылга созула турган суунун тартылуу мезгили менен байланыштырган.
Ошондой эле 3-февралда жаңы премьер-министр Улукбек Марипов дагы электр энергиясына болгон тарифтер кайрадан караларын билдирген.
«Бул саясий маселеге айланып кетти, көп жылдардан бери тариф өзгөрбөй келе жатат. Бул суроону эл менен ачык талкуулап анан чечим кабыл алуу керек. Азыр мунун баары изилденип жатат. Биз энергетикалык кризистен чыгышыбыз керек. Тариф мурдагы бойдон калса чоң көйгөйгө айланат», — деген Марипов.
Өлкөдө электр энериясына болгон тариф акыркы жолу 2014-жылы өзгөртүлгөн — азыр керектөөчүлөр 1 кВт саат энергия үчүн 77 тыйын төлөшөт. Бирок 700 кВттык чектен ашкандан кийин ар бир килловаттын баасы 2,16 тыйынды түзө баштайт.
Турмуш-тиричиликке керектөөчү эмес абоненттер (өндүрүш, айыл чарба, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр) 2,24 сомдон төлөшөт.