«Жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо». Экс-депутат Самаковдун иши кайра кароого жиберилди

Каоганбек Самаков

Жогорку сот экс-депутат Карганбек Самаковдун ишин кайра кароого жиберди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы 10-февралда билдирди.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2017-жылы Самаковду айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трансформациялоого күнөөлүү деп таап, аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту 2018-жылы бул өкүмдү күчүндө калтырган. Бирок экс-депутатка карата эки мунапыс берилип, анын жаза мөөнөтү үч жылга чейин кыскартылган.

Самаков эркиндикке 2019-жылдын март айында чыккан. Анын иши кайрадан Бишкектин Октябрь райондук сотунда карала турган болду.

Буга чейин өткөн президенттик шайлоодо Самаков Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын билдирген.

Жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо иши

Башкы прокуратура Карганбек Самаковго карата кылмыш ишин 2015-жылы козгогон. Экс-депутат 2008-жылы Чүй облусундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнө караштуу 262 гектар айыл чарба багытындагы жерди калктуу конуштардын категориясына мыйзамсыз трансформациялоого айыпталган.

Айыпталуучулардын арасында Кубанычбек Самаков — экс-депутаттын уулу — ошондой эле Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев, Эрнис Койчуманов жана Урмат Нурдинов да бар. Сот аларды да күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга кескен. Кийинчерээк аларга да мунапыс колдонулуп, жаза өтөө мөөнөтү беш жылга чейин кыскартылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алар трансформация болгон жер тилкелерин кымбат баада сатышкан. Бул иште аларга кулатылган президент Курманбек Бакиев жана анын бир тууганы Жаныш Бакиев жардам кылган. Өз кезинде сот аларды 10 жылга кесүү өкүмүн чыгарган.

Жерлерди трансформациялоо жөнүндө документке мурдагы биринчи вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев жана мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов кол койгон. Алар мыйзамсыз токтом чыгарууга айыпталып, ар бирине 5 млн сомдон айып пул салынган.