COVID-19: Акыркы суткада эки бейтап каза болду, вирус дагы 43 адамда аныкталды

Республикалык штаб акыркы сутка ичинде COVID-19га чалдыккан эки бейтап каза болгонун кабарлады. Каза болгондордун бири Бишкек шаарында, дагы бири Чүй облусунда катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемиянын башынан бери өлкөдө COVID-19 жуктуруп алган 1 441 бейтап каза болду.

Ошондой эле, штаб акыркы суткада вирус 43 адамда аныкталганын кабарлады. Алардын бири — медицина кызматкери. Талас облусунда коронавируска кабылгандардын жаңы учуру катталган жок.

  • Бишкекте — 20;
  • Ош облусунда — 6;
  • Чүй облусунда— 4;
  • Ысык-Көл облусунда — 4;
  • Нарын облусунда— 4;
  • Баткен облусунда— 2;
  • Жалал-Абад облусунда — 2;
  • Ош шаарында — 1.

Штабдын маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктуруунун 85 441 учуру катталган.

Акыркы сутка ичинде 86 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Пандемиянын башынан бери өлкөдө жалпысынан 82 184 бейтап илдеттен айыккан.

Республикалык штаб белгилегендей, 13-февралга карата өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 425 адам дарыланып жатат, алардын ичинен 21 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда. Мындан тышкары, дагы 457 адам амбулатордук дарыланууда.