Ысык-Көл ОИИБинин башчысы кызматынан алынды

Улан Асанбаев Ысык-Көл ОИИБинин башчылык кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн 2020-жылга карата жыйынтыгы боюнча ИИМдин жыйынында белгилүү болду.

Асанбаев жумушта кемчиликтерди кетиргендиктери үчүн кызматынан бошотулганы белгиленди.

«Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү негизги багыттарда кемчиликтерди кетиргендиктери үчүн коллегиянын чечими менен Ысык-Көл ОИИБинин башчысы Улан Асанбаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, коллегиянын жыйынтыгы менен он бештен ашуун жетекчилерге эскертүү жана тартип жазалары берилди.

«Бүгүнкү коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурулат. Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн», — деп белгиленди ведомствонун билдирүүсүндө.

Асанбаев Ысык-Көл ОИИБинин башчысы болуп 2019-жылдын февраль айында дайындалган. Буга чейин ЖМКларда Асанбаевдин заңгыраган үйү талкуу болгон — ал бул кызматка дайындалгандан кийин эле үй кыска убакыттын ичинде курулуп бүткөн. Ошондо Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөп, Асановго үй курууга фермер атасы жардам бергенин билдирген.