Бишкектин вице-мэри балдардын ден соолугуна ата-энелер жооп берерин эскертти

12-февралда Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева, мектеп мугалимдери жана директорлору, бала бакчалар менен мектептерде оффлайн окутууну калыбына келтирүү талабы менен мэриянын алдына митингге чыккан ата-энелер менен жолукту. Жолугушууда балдар арасында COVID-19дун жайылуу коркунучу бар болгону үчүн мэрия шаардын бардык мектептерин ачпай тургандыгы белгилүү болгон.

Жолугушуудагы видеонун бир фрагменти резонанс жараткан. Анда Чыныбаева ата-энелердин бирине кайрылып, анын баласы тууралуу «Бул сиздин продукт, эгер ал үчүн жоопкерчилик ала албасаңыз, анда аны эмнеге төрөдүңүз?» деп айткан.

«Клооп» аткаминер менен окуучулардын биринин апасынын айтышын териштирди.

Чиновник айым менен окуучунун энеси эмне жөнүндө талашып-тартышты?

Ата-энелер менен шаардык чиновниктердин жолугушуусу аяктап, муниципалитеттин позициясы билингенден кийин өзүн Оксана деп тааныштырган ата-энелердин бири микрофонго чыккан. Ал оффлайн окууну жылдыруу өспүрүмдөр менен жаш балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизгендиги үчүн ким жооп берерин билгиси келген.

«COVID-19 дартынан башка дагы ден соолук көйгөйлөрү бар: көздүн көрүүсү, нерв системасы, омурткалар, ашыкча салмак кошуу. Балдар көчөгө чыкпай, коомго аралашпай калышты, буга ким жооп берет?» — деп ал айым өзүнүн пикирин айткан.

Бирок Чыныбаева анын сөзүн бөлгөн.

«Ата-энелер балдарын эшикке чыгарышы керек. Ата-энелер, бардыгыңар, кимге илип койдуңар [жоопкерчиликти]? Баланы эшикке чыгара албасаңар анда аларды эмне төрөдүңөр?» — деп нааразы болду аткаминер.

«Көз көрүүсү тууралуу...», — деп сөз алган аял оюн уланткысы келди.

«Баары тууралуу. Баарына өзүңөр жооп бересиңер. Бул силер жараткан балдар, алар үчүн жоопкерчиликти ала албасаңар эмнеге төрөдүңөр?» — деп жоопту укпастан жооп берген Чыныбаева.

Бирок оюн айтууга мүмкүндүк ала албаган аял суроосун жана пикирин эч нерсеге карабай, бөлүнгөн убакыттын алкагында микрофондон айтууга аракет кылган.

«Балдардын көздөрү тууралуу. Азыр бардык балдар аралыктан окууга мажбур болуп жатышат, анткени аларда тандоо мүмкүнчүлүгү жок. Бул “китепти окуп койгула” деген сөз эмес, баары телефон тиктеп олтурушат. Менин балам азыр 5-класска көчтү. Ал үйдө олтурганда суткасына 8 саат телефондо болуп жатты», — деп түшүндүргөн ал.

Бирок Чыныбаева кайрадан анын сөзүн бөлдү.«Бардык өлкөлөрдө — Казакстан, Орусия, Европа, Америка, Түркияда — балдардын баары телефон кармап отурат. Бардыгынын тең ден солуугу жактан көйгөйү бар. Бардыгы жайында болгон өлкө жок. Жапа чеккендей болуунун кажети жок, силер жабыркаган жоксуңар. Эгер бала дени сак болсун десеңер, көчөгө чыгарып тургула, витамин бергиле, мамлекеттин азыр бардыгы чечип сала тургудай чамасы жок», — деди ал.

Окуучунун апасы акыр-аягы оюн толук айта алды.

«Ошентсе да, балдардын бардыгы телефондо отурат. Мен аралыктан окутуу башталганга чейин балама телефондо отурууга такыр тыюу салчумун. Ал бир күндө максимум жарым саат оюн ойночу, болду. Эми мен аны мажбурлоого аргасызмын. Эгер ал отуруп, сабак окубаса, мен урушчумун… Эми ал “телефонду көргүм жок, чалууларды жана жаңы билдирүүлөрдүн үнүн уккум жок” деп жатат. Бул дагы зыян алып келет да чынында, бул чындык, ал эми ковиддин жугар-жукпасын эч ким так айта албайт. Бул үчүн жоопкерчиликти ким алат, мамлекетпи? Мектеппи? Бизди мажбурлашты, бизде тандоо укугубуз болгон жок», — деп сөзүн жыйынтыктады ал .

Чыныбаева бул суроону жоопсуз калтырган

*Учурдагы Конституцияда «зарыл болгон жашоо шарттарын» камсыздоо принциптери жана ар бир бала мамлекеттик билим берүү мекемелеринен акысыз ала турган негизги жалпы орто билим тууралуу жазылган. Анан калса, аралыктан окутууга байланышкан бир катар чектөөлөр, юристтердин пикиринде, учурдагы Конституцияга каршы келет. 2020-жылдын сентябрь айынын башында «Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фондунун юристтери бул боюнча бир катар сунуштамаларды даярдап, аны Жогорку Кеңешке, өкмөткө, Билим берүү министрлигине жана Кыргызстандын акыйкатчысына жолдошкон.

Чыныбаева эмне дейт?

Вице-мэр орунсуз сөз сүйлөп алганын танбайт, бирок ал сөзүмдү «контексттен сууруп» алышты деп эсептейт. Ата-энелердин нааразылыгына жана журналисттердин суроолоруна жоопту Чыныбаева фейсбук барагына жазган.

Анын айтымында, мэрия менен шаардын мектептери Бишкектин мектептеринде оффлайн окутууну ишке киргизип, жоопкерчиликти өзүнө алуу менен «чечкиндүү кадамга барышты». Бирок, бүгүнкү күндө «эпидемиологдордун пикиринде, мектептер жана бала бакчалар Бишкекте вирустун тез жайылышына алып келиши мүмкүн».

«Медиктер сезондуу фирустук инфекциялар күч алганын айтышууда жана эмитен эле сасык тумоо оорулар бөлүмүндө орун калган жок. Шаар бийлигинин милдети — азыркы убакта мектептерди толугу менен ачууга каршы чыгып жаткан медиктер менен эмидемиологдордун айткандарына көнүү. Тилекке каршы, шаарыбыздын мектептери толуп калган, бир класста 50 бала окуйт. Бул дагы вирустун жайылышына көмөкчү болот», — деп жазган чиновник айым.

Ал өз сөзүнө түшүндүрмө берип, ата-энелерге алардын жоопкерчилиги тууралуу да эскерте кеткиси келгенин билдирди.

«Ата-энелер менен болгон жолугушууда кызуу талаш-тартыштар болду, ошондой эле, аткаминерлерге карата негизи жок эмоционалдык айыптоолор да болду — алар онлайн окуп жаткан балдардын көрүүсү, отурганы бузулганы үчүн, таза абада сейилдебеген балдардын ден соолугу үчүн биздин жооп беришибиз керек дешти. Мындай айыптоолорго мен айрым адамдарга жооп бердим — балдар үчүн ата-энелер да жоопкерчиликтүү болот, алардын ден соолугу жана аман-эсендигине жооптуу дедим. Балдардын көздөрүн эс алдырып туруш керек, аларды сейилдетиш керек, көнүгүүлөрдү ж.б. жасашсын деп айттым», — деди ал.

Чыныбаеванын айтымында, мэрия үчүн «башкы максат» — шаар тургундарынын өмүрү жана ден соолугу жана миллионго чукул калк жашаган борбор калаада вирус аймактарга салыштырмалуу [аймактарда бардык мектептер оффлайн-окууга кайтып келишкен] тездик менен тарайт. Бишкек муниципалитети акырындык менен бардык мектептерди ачууну көздөйт, бирок качан гана «эпидемиологиляк абал турукташканда жана медиктер макулдук бергенде» ишке ашат.

«Келгиле ар бирибиз өз жоопкерчилигибизди карайлы, биз — шаар үчүн, ата-энелер — өз балдары үчүн жооптуу болсун», — деп жыйыныктады сөзүн аткаминер.

Бишкектеги мектептердин, бала бакчалардын жабылышы жана ачылышы

Мамлекеттик мектептер менен бала бакчаларды ачуу маселеси пандемия башталгандан бери талкууланып келе жатат.

Республиканын мектеп окуучулары өткөн жылдын 8-апрелинен бери аралыктан окуп жатышат. Билим берүү министрлиги аралыктан билим алуунун окуу программасын иштеп чыккан. Бардык окуутучу материалдар ведомствонун атайын сайтына жүктөлүп, ошондой эле телевизор аркылуу эфирге берилген.

Бирок көпчүлүк ата-энелер онлайн- окууну сынга алышкан, атап айтканда мындагы окуу материалдарынын сапатына нааразы болушкан. Ошондой эле, ата-энелер керектүү гаджеттердин, телевизор жана интернеттин жетишсиздигине даттанышкан.

Азыр коронавирус пандемиясынан улам ишин токтоткон мекемелердин акыркылары мектептер жана бала бакчалар болууда. Бизнес, муниципалдык транспорт жана базарлар сыяктуу башка чөйрөлөр толук кандуу иштеп жатышат, бирок санитардык талаптар аткарылып, коронавирустун алдын-алуу чаралары көрүлүп жатат.

Менчик бала бакчалар жана мектептер дагы ачылган, 2020-жылдын сентябрь айынан тартып санитардык талаптарды аткаруу шарты менен ишмердүүлүгүн улантып жатышат. Оффлайн режимде менчик окутуу курстары жана балдарды жана өспүрүмдөрдү өнүктүрүү борборлору иштеп жатат.