Финпол: «Мүлк» ишканасы соода аянттарын «өз адамдарына» берип, «жок кишилерге» айлык төлөгөн

Финпол «Караван» соода борбору карамагына кирген «Мүлк» мамлекеттик ишканасында коррупциялык схема аныктады.

Ведомство мамишкананын жетекчилери соода борбордогу орундарды «өз адамдарына» арзан баада берип, 2017-жылдан бери электрондук аукцион өткөрбөй жана «жок кишилерге» айлык төлөнүп турганын аныктады.

Натыйжада алар бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен— 367 млн сомдон ашык каражат. 

Финполго сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын жооптуу адамдары 2017-жылдан бери электрондук тоорук өткөрбөй, андан тышкары, ижара келишимдерин түзбөгөнү белгилүү болгон.

«Аталган адамдар “Караван” соода борборунун соода аянттарын арзан баа менен “өз адамдарына” ижарага берип, алар болсо өз кезегинде үчүнчү адамдарга кыйла эле кымбат баада ижарага беришкен», — деп белгилешти ведомстводон.

Финполдун маалыматына ылайык, ижара аянтынын 1 чарчы метри «Караванда» 7 доллардан башталып, 20 долларга чейин турат, ал эми ушундай эле башка соода борборлорунда баа 70тен 200 долларга чейин чыгат. Калаанын ушундай эле соода борборлорунда ижара акысы эң аз дегенде 50 долларды түзөт.

«Мындан тышкары, жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча “жок кишилерге” айлык төлөп берүү сыяктуу башка дагы каржылык бузуулар аныкталды, тийиштүү тендер өткөрбөй мамлекеттик сатып алуу жана башкалар», — деп белгилейт финпол.

Мекеменин маалыматына ылайык, аларга «Мүлк» мамишканасынын үстүнөн даттанып «Караван»соода борборунун ижарачылары кайрылган. Мындан тышкары, финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев фейсбук барагында мекеме «жакын арада ири коррупциялык схемалардын бетин ачарын» дагы жар салды.

«Караван» соода борбору жана ижарачылардын митинги

«Караван» соода борбору мурда Бишекектин экс-мэри Нариман Түлеевге таандык болгон. Кийин 2013-жылы сот саясатчыны коррупциялык кылмыштарга күнөөлүү деп таап, соода борборун конфискациялаган.

Учурда «Караван» соода борбору мамлекеттин карамагында: «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын балансында, ал жылына 74 млн сомго чейин киреше алып келет.

2020-жылдын жаз айларында соода борбору ижарачылар үчүн электрондук тоорукка коюлары белгилүү болгон. Андыктан 2020-жылдын 15-августунан тартып мурдагы ижарачылар карыздарын төгүп, имаратты бошотуп берүүсү керек. Билдирүүдө ижарачылар электрондук тооруктан ижарага алуу укугун сатып алса боло турганы айтылган. Бирок алардын буга чач-кирпиги чак келери күмөн.

Ушундан кийин ижарачылар бир нече жолу митингге чыгышкан. Алгач ирет 2020-жылдын 3-мартында нааразылык акциясына чыгып, ошол кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Алар өлкө башчысынан алардын жумуш орундарын сактап калууну суранышкан, бирок бийликке үндөрү жеткен эмес. Ишкерлердин митинги ӨА режими аяктаган август, сентябрь айларында дагы кайталанган.

Сентябрда митингчилерге Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жана президенттик аппараттын өкүлдөрү жолуккан. 24.kg агенттиги маалымдагандай, анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Ильяз Ташбаев ведомство келишимдерди узартууга ниеттенип жатат деп түшүндүргөн, ал эми өлкө башчысынын аппаратынын экономика бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев митингге чыккандардын ичинен беш адамды кайрылуусун кабыл алуу үчүн аларды жолугууга чакырган. Бирок соода борбору электрондук тоорукка коюлган мүлктөрдүн тизмесинде кала берген.

2020-жылдын 11-ноябрында ижарачылар кайрадан митингге чыгышкан. Ошол кезде вице-премьер-министрлик кызматта турган Элвира Сурабалдиева митингге чыккан «Каравандын» ижарачыларына маселесин чечүүгө көмөктөшүүгө убада берген.

2021-жылдын 1-февралында соода борборунун ижарачылары дагы бир жолу митингге чыгып, мурдагы талаптарын айтышкан — алар ижара келишими тууралуу маселени чечип берүүнү жана жумуш орундарынан ажыратпоону талап кылып жатышат.