Коронавирустан бир киши каза болуп, 41 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 15-февралда Кыргызстанда коронавирустун 41 жаңы учуру катталганын маалымдады.

COVID-19дун эң көп жаңы учуру Чүй облусунда катталды — 18. Ошондой эле Бишкек шаарында — 15, Нарын облусунда беш жана Ош шаарында үч кишиде коронавирус аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 53 бейтап айыкты. — алардын ичинде эки медик бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 23, Чүй облусунда — 16, Ысык-Көл жана Ош облустарында бештен, Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда экиден бейтап коронавирус инфекциясынан айыкты.

Мындан сырткары илдеттен Чүй облусунда бир киши көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 85 516га жетти. Алардын ичинен 82 306 бейтап айыгып, 1 442 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 444 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 26 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 387 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.