Материалдын түп нускасы Factcheck.kg сайтында жарык көргөн.

Журналисттерден качып кутулган прокурор Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы кызматеринин бир тууган иниси экенин Factcheck.kg иликтеди.

11-февралда Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишин карап, 20 мүнөттүн ичинде өкүм чыгарды.

Эске салсак, «Азаттык» үналгысынын Kloop жана OCCRP менен бирге жасаган иликтөөсүндө Матраимов мамлекетке 700 миллион доллар зыян келтиргендини тууралуу айтылат.

Жыйын учурунда прокурор Матраимовдун буга чейин мамлекетке 2 миллиард доллар кайтарып бергенин белгилеп, эми 260 миң сом айып пул төлөөсү жетиштүү экенин айткан. Ал эми сот бул талапты канааттандырып, жыйынтыгында, айыпталуучу эркин жаран катары бошотулду. Ал өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга макулдугун берген эле.

Cот чечими тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык болушу керек.

Тергөөнүн атынан келишимди Ороз Бердибаев аттуу прокурор түзгөн экен. Анын ким экенин жана Матраимов менен байланышын Factcheck.kg иликтеп чыкты. Ороз Бердибаевдин бир тууган агасы Түштүк-Батыш бажысында мурда эмгектенгенин өздүк булактарыбыз айтып берди.

Белгилей кетсек, Матраимов бул бажынын учурдагы жетекчисине каршы көрсөтмө берген.

Прокурордун агасынын аты Алмаз Бердибаев. 2021-жылкы маалыматка ылайык, учурда ал «Бишкек» бажы каттоо борборунун кызматкери. Буга чейин Түштүк-Батыш бажысында эмгектенген.

Туугандык байланыш

Орозбек Бердибаевдин Facebook социалдык тармагындагы баракчасына баш багып, аны туулган күнү менен Нургүл Бердибаева аттуу айым куттуктаганын көрө алабыз. Ал Бердибаевге «агам» деп кайрылган.

Ал эми Нургүл Бердибаеванын баракчасынан Мээрим Бердибаева аттуу айымды таптык.

Өз учурунда Алмазбек Бердибаев ага «карындашым» деп кайрылганын көрсө болот.

«Тизме» порталынын жардамы менен Мээрим Бердибаева, прокурор Ороз Бердибаев жана бажычы Алмаз Бердибаев бир туугандар экенин аныктайбыз. Алардын атасы бир — Кулмурза аттуу жаран.