Чек ара маселесин чечүүнү талап кылгандар бүгүн да митингге чыкты

Бишкекте өлкөнүн чек арасына жакын жайгашкан райондорунун тургундары митингин улантып жатканына эки күн болду. Өкмөт үйүнүн алдына 30га чукул адам чогулуп, Тажикстан менен чек араларды демаркациялоо маселесин чечүүнү талап кылышты.

«Садыр Жапаровго жеке дообуз жок. Биз анын ишине же саясатка аралашууну ойлогон жокпуз. Көптөн бери чечилбей келе жаткан чек ара маселесин жеткирели деп келдик. Элдин үнү жеткирип жатабыз», — деди митингчилердин бири Бекназар Айталиев.

Анын айтымында, тажикстандыктар социалдык тармактарда бул жерлер «байыртан эле тажиктердики» деп жазышууда. Ал кыргызстандыктарды чагымга алдырбоого да үндөдү.

15-февралдагы митинг жана өкмөттүн реакциясы

Күн мурда митингге чогулгандар Тажикстан Баткен облусундагы Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарына жакын жерлерде жер ээлеп кире баштаганын билдиришкен. Митингге келгендер аларга президент Садыр Жапаровдун чыгышын талап кылышкан. Бирок митингчилер менен жолугушууга Жапаров да, бийликтин башка өкүлдөрү да чыккан эмес.

Анткен менен өкмөт митингге көңүл буруп, мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү боюнча брифинг өткөргөн.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев митингчилердин талабы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев оорукадан чыккандан кийин караларын маалымдаган.

*Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын жетекчиси. 6-февралда Ташиев жүрөгүнөн операция жасатуу үчүн Германияга кеткен.

Бөрүбаевдин айтымында, учурда Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чечиле жана аныктала элек чек аралары бар. Кыргызстан 2002-жылдан бери тажик тарап менен чек ара маселесин чече албай келет.

«Пайызга салып айта турган болсок, Тажикстан менен болгон чек арабыздын 60%ы эки тараптуу чечилген. 2020-жылы пандемияга байланыштуу коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзө албай калдык. Тажикстан менен өткөн жылдын февралында жолуккан элек, андан бери бир жыл өттү», — деп түшүндүргөн Бөрүбаев.

Чек ара жаңжалдары

Чек ара маселелери Кыргызстанда бир топ жылдардан бери көтөрүлүп келет. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылы Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен болгон чек араларында 12 жаңжал катталган. Алардын ичинен мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде 9, кыргыз-өзбек тилкесинде 3 окуя катталган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 километрди түзөт, алардын ичинен 519 километри такталып, демаркацияланган, калганы такталбаган бойдон калууда. Такталбаган чек ара тилкелери чек арага жакын жайгашкан айылдардагы көптөгөн жаңжалдарга себеп болот — суу талаш, жер талаш, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү.

Кыргыз-тажик чек арасында 2020-жылдын май айынан июнь айына чейин эле курал колдонулган бир нече чыр чыккан.

2019-жылы дагы чек ара чырлары болуп турган — бир нече жолу кыргызстандыктар айылдарынан убактылуу эвакуацияланууга аргасыз болгон.