Камчыбек Ташиев 18-февралда келип, дароо Баткенге жөнөйт

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев телеграм каналында Германиядан Кыргызстанга 18-февралда кайтып келерин кабарлады. Ал жакта Ташиевдин жүрөгүнө операция жасалды.

«Буюрса, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эртең саат 10:00дө чет мамлекеттен “Манас” аэропортуна учуп келип, дароо саат 11:00дө Баткен облусуна учат. Тийиштүү маселелер жеринде каралат», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Өкмөт үйүнүн алдына Баткен облусундагы чек арага жакын аймактардын жашоочулары митингге чыгып, бийликтен чек ара маселелерин чечүүнү талап кылышкан.Андан соң өкмөттөн мамлекеттик чек аралар маселеси боюнча делегациянын башчысы Ташиев болгондуктан, бул маселени ал чечет деп билдиришкен.

Ташиев Германия 6-февралда кеткен. Ал жактан ага жүрөгүндөгү тромбду алуу боюнча операция жасалды. УКМКнын башчысы Ташиевдин жүрөгүндө дарт бар экени 2020-жылдын ноябрында эле кабарланган, анда ал бир нече күн ооруканага жатып чыккан болчу.

Камчыбек Ташиев УКМКнын жетекчилигине президенттин м.а. турган Садыр Жапаров дайындаган. Ташиев менен Жапаров — көптөн берки үзөңгүлөштөр, алар «Мекенчил» партиясын бирге түптөшкөн.