Нарын облусунун Ак-Кыя айылынын бала бакчасы. Сүрөт: Дилде Шатанова / Kloop.kg

Нарын районунун Ак-Кыя айылындагы жаш балдар авариялык абалдагы бала бакчада тарбияланышат. Имарат эки жолу жараксыз деп табылган. Анткен менен өкмөт жаңы бала бакча курууну азырынча пландай элек.

Ак-Кыя айылы Нарын шаарынан 13 чакырым алыс жайгашкан. Ал Чет-Нура айыл аймагына карайт. Айыл округдун карамагында жети айыл бар.

«Табигый кырсык болсо, бала бакча урап калуу коркунучунда»

«Нур-Байгазак» бала бакчасы 1972-жылы мектеп болуп курулган имараттын жарымында жайгашкан. Имарат бала бакчага ылайыкташбагандыктан шарттар каралган эмес. Учурда курулуштун эскилиги жеткендиктен, колдонууга жараксыз деп табылган.

«Биз жыл сайын жыртык-тешигин бүтөп коюп эле жүрөбүз. Ошондуктан эле турат, эгер табигый кырсык болсо урап калуу коркунучу абдан жогору. Азыр оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө деле болбой калды. Дубалдардын куму куюлуп, актап же сырдай албай деле калдык», — деп түшүндүрдү бала бакчанын жетекчиси Кымбаткүл Кадикова.

Учурда бала бакчада 50 бала тарбияланат, алар үчүн орундар жетиштүү болгону менен даараткана жана балдар аянтчасы сыртта жайгашкан. Ошондой эле, айылда ичүүчү суу жок болгондуктан, жерден бургулап суу чыгарылган.

«Бала бакча үчүн суу киргизели десек, имараттын эскилигинен киргизе албай турабыз. Ысык суу жок, сууну колго ысытып идиш-аяк жууйбуз. Учурда бала бакчада тарбиячылар, от жакчу кишилер менен бирге 17 адам иштейбиз. Жылуулук системасы коюлган. Бирок суук болгон күндөрү кошумча жылыткычтарды пайдаланабыз», — деди Кадикова.

Анын айтымында, балдарды тамак менен камсыздоодо дагы көйгөйлөр бар. Себеби, мамлекет тарабынан бала бакчадагы бир балага күнүнө 20 сомдон ашпаган каражат жумшалат. Бул каражат жетишсиз болгондуктан ата-энелер балдарынын тамак-ашына айына 500 сомдон төлөшөт.

Ак-Кыя айылында болгону 145 түтүн бар. Жашоочулар аз болгондуктан долбоорлорго катышуу да кыйынчылык жаратат. Бала бакча куруу үчүн айыл өкмөтү төрт жылдан бери облустук администрация менен капиталдык курулуш башкармалыгына кайрылып келет.

Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Мүсүрканов жергиликтүү бюджеттин эсебинен буга чейин Чет-Нура айыл аймагындагы эки айылга бала бакча курулганын билдирди. Андан сырткары, эскилиги жеткен бала бакчанын ордуна жаңысын куруу үчүн жергиликтүү бюджетте акча жок экенин кошумчалады.

«Азыр биздин бюджетте акча тартыш. Бул бала бакчаны куруу өтө чоң долбоор, имаратты бузуп, башынан баштап куруш керек. ӨКМ чечим чыгаргандан кийин имаратты эч ким колдонбошу керек эле. Биз айла жоктон балдарды ошол имаратта тарбиялап жатабыз», — деди Мүсүрканов.

Пандемияга байланыштуу бала бакча өткөн жылы жабылган болчу, аны ачуу февраль айынын аягында пландалууда. Бирок бул аралыкта тарбиялануучулар бакчада иштөөнү улантышкан.

«Быйылкы жылдын курулуш планына кирбейт»

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев бала бакчанын абалы «өтө коркунучтуу эмес» экенин белгилеп, 2021-жылдын курулуш планына киргизилбей турганын билдирди.

«Бул бала бакча планга кирбей калган экен. Бюджет тартыш болгон үчүн быйыл планга киргизилбейт. Азыр акчаны курулушу 20-30%га бүтүп калган объектилерге жумшайлы деп жатабыз», — деди Ашимбаев.

Облус башчысы алдыңкы жылдары абалы начар курулуштардын бардыгын тактап, планга киргизүү пландалып жатканын айтты. Учурда өтө начар абалдагы имараттар боюнча район акими жана айыл өкмөттөр иш алып барышууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-2020-жылга карата 2-6 жаштагы балдардын 25,4%ы гана бакчага барат.

Ошондой эле, өткөн жылы республика боюнча 1617 мектепке чейинки билим берчү мекеме иш алып барган. Ал жерде 207,8 миң бала тарбияланган.

1990-жылдан кийин бир топ бала бакчалар менчиктештирилип кеткен. Союз убагында курулган бала бакчалар башка мекемелерге берилген.

Статистикага ылайык, эгемендүүлүк алган жылдары 198 миңге чукул бала бакчага барчу. 2016-жылга карата бул көрсөткүч 174 миңге чейин кыскарган. Ушул мезгил аралыгында үч жаштан алты жашка чейинки балдардын саны 21%га өскөн.

Билим берүү министрлиги 1990-жылдары мектепке чейинки билим берүүчү жайлардын 80%ын жоготуп алганын белгилеген. 2000-жылдары 1700 бала бакчадан болгону 400ү гана калган.

2000-жылдардан кийин бала бакчалар курула баштаганы менен учурда мектепке чейинки билим берчү мекемелер жетишсиз. Ал эми тоолуу аймактагы билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн республика боюнча жайлоолордо да бала бакчалар ачылып жүрөт.

Материалдын авторлору: Дилде Шатанова, Найзабек Мукамбетов

Материал жактыбы? Сиз дагы бюджеттик мониторинг боюнча колдонмонун жардамы менен ушундай материал жаза аласыз. Андроид үчүн бул шилтеме аркылуу жүктөп алса болот.