«Бюджет каражатын ыксыз колдонгон». Жалал-Абад шаардык мэриясынын аткаминери кармалды

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы (АКС) Жалал-Абад шаарынын капиталдык курулуш департаментинин башчысы кармалганын маалымдады. Ал изоляторго киргизилди.

Аткаминер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик каражаттарды максатсыз колдонуу иши боюнча кармалды. Ал мамлекеттик бюджетке 1,6 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп шектелүүдө.

АКСтин маалыматына ылайык, Жалал-Абад мэриясынын аткаминери 2018-жылы шаардын көчөлөрүнүн бирин кеңейтүү боюнча тендерди уткан компания менен келишим түзгөн. Бирок Антикоррупциялык кызмат аткаминерди жеке компания менен алдын-ала бир бүтүмгө келип, курулуш иштеринин көлөмүн жана колдонулган курулуш материалдарынын баасын мыйзамсыз жогорулаткан деп шектеп жатат.

«Бирок, Н.А.К материалдык артыкчылыктарды алуу боюнча өз кызыкчылыгын көздөп, техникалык көзөмөлдүн жооптуу адамдары жана жеке компания менен алдын-ала бир бүтүмгө келип, курулуш иштеринин көлөмүн жана колдонулган курулуш материалдарынын баасын мыйзамсыз жогорулаткан», — деп маалымдайт УКМК.