«Сени өлтүрмөйүнчө кылмыш иши козголбойт». Ырчы Бурул Арунова үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу

Бурул Арунова

Ырчы Бурул Арунова 16-февралда Super.tvга маек куруп, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айтып берди. Ошондой эле ал Кыргызстандагы сот системасына нараазычылыгын билдирди.

Ырчы үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан күйөөсү Эрнис Турсунов менен эки ажырым жолго түшкөн. Анын айтымында, жолдошу аны «кош бойлуу кезинде сабап боюнан түшүрүүгө аракет кылган».

«Турмушка чыккандан кийин өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөттү. Экөөбүздүн пикир келишпестиктерге анын алдамчылыгы себеп болду. Анын кемчилигин айтканымды көтөрө албай, мага кол көтөрчү», — дейт ал.

Күйөөсү менен ажырашкандан кийин да «зомбулук улангандыктан», Арунова сотко чейин кайрылууга аргасыз болгон. Ырчынын айтымында, соттук-медэкспертиза анын денесине Турсунов тарабынан зыян келтирилгенин тастыктаганы менен мурдагы жолдошу айыппул төлөө менен гана кутулган.


«Мыйзамда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча эң чоң жаза 60 миң сом экен. Аны да өкмөткө төлөп, бул жакта жабырлануучу ыйлап, сыздаган боюнча калып кетет. Анан сот залында мага прокурордун айткан сөзу да абдан катуу тийди. “Муну камай албайбыз. Бул сени өлтүрмөйүнчө кылмыш иши ачылбайт. Сен муну же бул сени өлтүрмөйүнчө” деген. Бул биздин сотто иштеген прокурордун сөзү», — деди Арунова.


Ырчы күйөөсү соттолгондон кийин да «зомбулук көрсөтүүнү токтоткон эместигин» белгиледи.

«Камалбашын билип, биздин үйгө келип, ата-энеме, мага кол көтөрүп, баарыбызга жаман нерсени көрсөтөт. Биз 102ге чалабыз, милиция кызматкерлери келип алып кетет. Анан алар эки сааттан кийин бошотуп коёт экен. Ал кайра үйгө келип “силердин колуңардан эмне келди?” деп шылдыңдаган таризде ушундай нерселерди көп жолу кылды», — деди ырчы.

Арунова Эрнис Турсуновго 2019-жылдын жазында турмушка чыккан болчу. Ал эми бир жылдан кийин ал күйөөсү сабаганын айтып чыгып, сотко кайрылган.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2019-жылы 6 145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Жабыркагандардын эң көбүн аял кишилер түзгөн — 5 659.

Ал эми 2020-жылдын башында үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ажал тапкан аялдардын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган.

Январь ичинде эле ИИМ «аялдарды өлгүчө сабап», айрымдарына «атайлап өрт коюу болгон» бир нече факт тууралуу кабарлаган.

Мындан сырткары Улуттук статистика комитети пандемия учурунда аялдарга карата зомбулук 14%га, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65%га өскөнүн кабарлаган.

Ал эми ИИМдин маалыматына ылайык, 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 9025 учуру катталып, анын 944ү гана сотто каралган.

Маселе бир нече жолу Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, өткөн жылдын жай айында депутат Исхак Пирматов үй-бүлөлүк зомбулук үчүн күнөөлүүлөрдүн жазасын күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун демилгелеген.

Ага ылайык, ден соолукка зыян келтирилген учурда, эмгекке жарамдуулугунан ажыраса же аял жабыр тартканы «ачык көрүнүп турса» эки тараптын жарашуусуна жол берилбейт. Ошондой эле, бул учурларда түзөтүү же коомдук иштер жаза катары кала берет, ал эми штраф жокко чыгарылат.

Аталган мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын башында парламентте экинчи окууда жактырылды.