БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк уюму Кыргызстандагы COVID-19 дартынан жапа чеккен калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүү долбоорун ишке ашыра баштады. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы кабарлады.


«Аткарган иши үчүн акчалай сыйлык жана окутуу» долбоору Кара-Балта шаарында башталып, парктын инфраструктурасы жакшыртылды. Ал үчүн 43 жергиликтүү тургун ишке тартылып, ар бири 100 доллар өлчөмүндө сыйакы алышты.
Бул каражатка алар 200 ийне жалбырактуу, 300 жалбырактуу дарактарды жана 1000 бадал отургузушту, ошондой эле тыйын чычкандар үчүн 28 акыр, чыйырчыктар үчүн 40 уя жасашты. Алар паркка орнотулат.
Уюмдан кошумчалашкандай, Бүткүн дүйнөлүк азык-түлүк уюму долбоорду Швейцариянын өкмөтү менен биргеликте ишке ашырууда — аталган өлкөнүн өкмөтү 2,5 млн швейцариялык франк (2,7 млн доллар) бөлүп берген. Бул каражаттар өлкөдө жакырчылыкта жашап жаткан 80 миң кыргызстандыкты колдоого алуу үчүн жумшалат.
«Алар шаар райондорунда акча түрүндө жардам алышат, ошондой эле коомдук активдерди түзүүгө, жумушка орношуу перспективасын жакшыртуу үчүн жана кирешени көбүрөөк алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча көндүмдөрдү үйрөтүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат», — деп билдиришти уюмдан.
Уюмдан ушул сыяктуу долбоорлор Кара-Балтан тышкары Кыргызстандын дагы 23 шаарында ишке ашыларын кошумчалашты.