Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн. Автору — Айбек Бийбосунов.

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылы жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык пандемия маалында Кыргызстанда ар бир үй-бүлөнүн эч болбогондо бир мүчөсү жумушсуз калган.

«Орусияда окуубуз жана жумушубуз калды»

Бишкек шаарынын тургуну Фатима Тургунбаева 20 жаштагы уулун Орусияга кетире албай жатат.

Анын баласы Бишкектеги лицейлердин бирин аяктаган соң Орусияда иштеп жүрүп, пандемия башталганда мекенине кайтып келген.

Бул үй-бүлө соңку жылдары мигранттардын акчасы менен жан багып келген. Тургунбаева баласы үйдө жумушсуз отурганын арман кылып, Орусияга эмне себептен кете албай жатканын түшүндүрүп берди.

«Жолдошум бир нече жыл мурда өтүп кеткен. Бизди Орусияда иштеген балам багып жаткан. Эми ал да үйдө жумушсуз отуруп калды. Бишкектен жумуш издеп таппай койду. Табылса да маянасы аябай аз. Сураштырып көрсөк, билеттин баасы 60-70 миң сом болуп кетиптир. Бул акчаны кайдан табабыз? Балам өзү эле иштеп билет сатып албаса мен жардам бере албайм. Насыя алгандан коркуп турабыз».

Ал эми Мурат Жусупбеков Орусиянын Орел шаарындагы агрардык университеттин студенти. Пандемиянын айынан ал да Кыргызстанга келип окуусун интернет аркылуу улантып жаткан.

Мурат билим алган мекеме 8-февралдан тартып студенттерге эшигин ачкан. Бирок кыргызстандык студент курсташтарынын катарына кошула албай жатат.

«Орусиядан Кыргызстанга келгенге 15 миң рубль кеткен. Эми ары карай 60 миң сом керек экен. Биздей студенттер үчүн бул сумма аябай көп. Мага окшоп Орусияга кете албай жаткандар көп. Качан кетерибиз белгисиз болуп турат. Өкмөт ушул маселени чечип берсе жакшы болот эле. Анткени биздин билим алуубуз токтоп калды».

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн 30 миңдей кыргызстандык мекенине кайтып келген. Бейрасмий маалыматка караганда, бул сан 100 миңден аша турганы айтылып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү - Орусияда жүргөндөр. Эми алардын көбү кайрадан Кыргызстандан кетүүгө аракет кылууда.

«​Кыргызстандан жумуш таппай койдук»

Азат Касымов Москва шаарына 5-февралда учуп кетти. Ал Кыргызстанга пандемия башталган учурда келип, соңку 10 ай ичинде туруктуу жумуш издеп көргөн. Азаттын айтымында, айлыгы 15 миң сомдон ашпаган ишке орношкусу келген эмес. Анткени бул сумма бир айлык чыгымды толугу менен жаппайт.

Касымов азыркы учурда Москва шаарында жумушчу жетишпей жатканын, адамдын эмгеги мурдагыга караганда кымбат бааланып калганын билдирүүдө.

«Кыргызстанда 10 ай жүрүп келсем Москвада көп нерсе өзгөрүп кетиптир. Тейлөө, курулуш тармагында жумушчу жетишпей жатыптыр. Былтыр жумуш издеп жүргөндөр көп болчу. Азыр ар кандай жерден сунуштар келип жатат. Таксиде иштеген тааныштар “тез арада машине ал” деп жатышат. Анткени азыркы учурда алардын жумушу жакшы болуп жатыптыр. Москва кандайдыр бир деңгээлде мигранттарга көз каранды экен. Өзгөчө тейлөө тармагы. Жумуш көп, бирок мигранттардын көпчүлүгү билеттин кымбаттыгынан улам келе албай жатышат».

Ошол эле учурда бактысын башка өлкөдөн издегиси келгендердин бардыгы эле Орусияны көздөп турган жок.

28 жаштагы Медер Кубанычбек уулу Дубай же Европа өлкөлөрүнө кетүүгө аракет кылып тил үйрөнүүдө. Ал буга чейин Орусияда жарым жылга жакын иштеп келген.

«Мен азыркы учурда ашпозчу болуп иштеп жатам. Күнүгө 1000 сомго жакын акча табам. Тапканым тамак-аш, күнүмдүк чыгымдан ашпай жатат. Чет өлкөгө барып иштеп, там салып, үйлөнсөмбү дегем. Азыркы учурда келишим менен Дубай, Катар, Түркия же Европа өлкөлөрүнөн жумуш сунуштай турган компаниялар менен сүйлөшүп жатам. Кыргызстандын айлыгы менен жашоону ондоп кетиш оор болуп турат».

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылы жумушсуздардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 4 пайызга өскөн.

2019-жылы жумушсуздардын саны 94 миң кишини түзсө, 2020-жылдын башынан ушул күнгө чейин 98 700 кишиге жеткен. Бул расмий каттоодон өткөндөрү гана. Каттоодон өтпөгөн жумушсуздардын саны бул көрсөткүчтөн эки-үч эсе көп экени айтылып келет.

«Замандаш» ассоциациясынын өкүлү Азамат Айтбаев миграция күн санап күчөп жатканына токтолду:

«Кыргызстандан деле жумуш тапканга аракет кылса болот. Бирок айлыктагы айырма асман менен жердей. Кыргызстандан алган акчаң күнүмдүк жашоодон ашпайт. Москвадан 100 миң сомго чейин тапса болот. Элдин көбүнүн чет өлкөгө агылып жатышы да ушундан. Бизге Орусияга же башка өлкөгө кеткенге жардам сурап кайрылгандар көп болууда. Бийлик бул маселелерди чечүү максатында аракет көрүп жатат».

Өкмөт Орусия менен сүйлөшүүдө

Орус өкмөтү пандемия учурунда чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө киришин чектөө максатында №635 токтом кабыл алган. Ага ылайык, каалаган эле жаран Орусиянын аймагына кире албайт. Орусияга кирүү үчүн «зарыл иши болгондуктан учуп жатат» деген документ талап кылынууда. Азыркы учурда жумасына Бишкектен Москва шаарына «негиздеме» талап кылынбаган алты каттам бар.

Бишкектеги авиакомпаниялардын бири менен байланышканыбызда, мындай каттамдын билет баасы 66 400 сом экенин айтышты.

Мамлекеттик миграция комитетинин төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтат.

«Азыр Орусияга баруунун эки жолу бар. Бири түз, экинчиси чартердик каттамдар аркылуу. Түз каттамдарга негиздеменин кереги жок. Бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтү Орусия менен каттамдардын санын көбөйтүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алгачкы кадамдар жасалууда. Президент Садыр Жапаровдун биринчи сапары да Москва шаарына болгону турат. Ал жерде негизги маселе катары авиакаттамдардын иши каралат».

Экономика тармагы боюнча эксперт Кайрат Итибаевдин айтымында, миграцияга бир гана экономикалык кризис эмес, өлкөдөгү саясий кырдаал да таасир этет. Итибаев ишке жарамдуу, билимдүү жаштардын чет өлкөгө кетип жатышы абдан өкүндүрөрүн айтты:

«Эгемендикти алгандан бери болгон завод-фабрикалар тонолуп, Кытайга темир катары сатылып бүттү. Жыйынтыгында кризиске кептелдик. Азыркы күндө Кыргызстанда жаштарга шарт жок. Алардын көбү мамлекетке ишенбейт. Өлкөдөгү коррупция, саясий кырдаал жаштардын ишенимин муздатып жатат. Жыйынтыгында окууну бүтүп-бүтпөй чет өлкөгө кетип жаткан жаштар көп».

Бүгүнкү күндө 800 миңге жакын кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгектене турганы айтылып келет. Ошол эле учурда миграция боюнча так статистика жок. Адистердин эсеби боюнча бактысын башка жактан издегендердин саны 1 миллиондон ашат.