Кыргызстанда үй чарбалардын 76%га жакыны COVID-19дан жабыркаган

COVID-19дан республика боюнча 76 пайызга жакын үй чарбалар жабыркаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

*Үй чарбасы — турак жайда чогуу жашаган, каражаттарын толук же жарым жартылай бириктирүү же чыгымдоо менен жалпы чарбалыкты жүргүзгөн адам же адамдардын тобу эсептелет.

COVID-19дун Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын абалына тийгизген таасири боюнча сурамжылоого 3 869 үй чарбасы жооп берген. Үй чарбалары инфекциянын жайылып кетүүсүнөн улам жаралган кыйынчылыктардын кеминде бирине дуушар болушкан.

«Үй чарбада кирешелер төмөндөгөн, балдардын ата-энеси онлайн окутуунун жүрүшү менен канааттанбаган, үй чарбанын бир мүчөсү коронавирусту жуктурган же каза болгон, саламаттык сактоо кызматтарына муктаж болуп, бирок кандайдыр бир себептерден улам аны ала алган эмес», — деп жазылат маалыматта.

«Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын абалына COVID-19 тийгизген таасири» боюнча сурамжылоо энелерге төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки байкоо жүргүзүп, балдардын билим алуусун деталдуу изилдөөгө багытталган.

Маалыматка ылайык, 17 жашка чейинки баласы бар 86%дан ашык үй чарбалары бар. Ошондой эле, дээрлик ар бир экинчи үй чарбасынын 5 жашка чейинки кеминде бир баласы бар экени тастыкталган.

Аралыктан окутууга 7-17 жаштагы балдардын 83%га жакыны камтылса, онлайн окутуу процессине ата-энелердин 78%ы канааттанган эмес. Мектеп жашына чейинки балдардын 29%га жакыны өнүгүү үчүн сунушталган телевизиондук программаларды жана санариптик платформаларды колдонушкан.

Буга чейин Улуттар Уюму пандемиянын экономикага тийгизген таасири дагы көпкө сезилерин, өзгөчө жакыр жана корголбогон өлкөлөргө күч келе турганын билдирген.

Коронавирус пандемиясы дээрлик бардык мамлекеттердин экономикасына чоң сокку урду. Эксперттердин пикиринде, дүйнө жүзү Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң олуттуу экономикалык кризиске дуушар болду.