Сүрөт: Дилде Шатанова

Нарын районунун Ак-Кудук айылындагы окуучулар жети жылдан бери кооптуу абалдагы мектепте окуп жатышат. Имарат «авариялык абалда» деп табылганы менен жаңы мектептин курулушу баштала элек.

Ак-Кудук айылы облустун борборунан 80 чакырым алыс жайгашкан. Айылга облустун борборуна күнүнө бир гана жолу маршуртка каттайт. Бул айылда 600дөн ашык адам жашайт. Айылда уюлдук байланыш жана интернет жакшы тартпайт. Социалдык имараттардын дээрлик бардыгы Советтер союзу маалында курулган. Айылдын мектеби 1971-жылы курулуп, пайдаланууга берилген.

Жаңы мектепти куруу үчүн Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы 2018-жылы 150 орунга ылайыктуу мектептин долбоорун түзүп, 60 млн сомго тендер өткөрүлгөн. Конкурсту 59 млн сомдой сунуштаган «Тунук-Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому жеңип алган.

Мектептин фундаменти куюлгандан кийин эле курулуш иштери токтоп калган.

«Эски мектеп мышык ыйлай турган абалда»

Ак-Кудук айылындагы Омор уулу Кожоке мектебинин директору Гүлзат Чолурованын айтымында, учурда мектепте 160тан ашык окуучу 2 нөөмөт менен окуйт. Окуучулар үчүн класстар жетишсиз.

Жарым кылым мурда 100 окуучуга ылайыкташып курулган имараттын эскилиги жеткендиктен бир жак капталы кыйшайып урайын деп калган.


«2018-жылы мектептин фундаменти түптөлүп, бюджеттен акча бөлүнбөй ошол боюнча токтоп калды. Эски мектеп мышык ыйлай турган абалда. Бир жак капталы урайын деп калгандыктан жыгач менен тиретип койгонбуз. Кайсы күнү балдарды басып калат деп коркобуз», — дейт мектеп директору Гүлзат Чолурова.


Андан тышкары мектепте окуучулардын дене тарбия сабактарын өтүү үчүн спорт зал жок. Себеби, эски спорт аянтчанын ордуна жаңы мектеп салынууда.

Мектеп окуучусу Керемет Жанышбек кызы класстар меш менен жылытылгандыктан «кайсы күнү өрт чыгып кетет» деген коркунуч бар экенин жашырган жок.

«Класс тартыш болгонуна байланыштуу кошумча сабактарды өтө албайбыз. Иш-чара өткөргөнгө бир эле чоң бөлмө болгон үчүн башка класстын окуучулары менен талашып, урушканга чейин барабыз. Мектепти от жагып жылытып жатканда биз сыртка чыгып турабыз, себеби түтөп, ис чыгат. Сыртка чыкканда үшүйбүз. Кайсы күнү өрт чыгып кетет деп корком. Сигнализация дагы жок. Андай учурда биз үчүн жоопкерчиликти эже-агайлар ала албайт да», — деп кайгырат Жанышбек кызы.

Сүрөт: Дилде Шатанова

«Кайсы күнү мектеп урап калат деп коркобуз»

Сүрөт: Дилде Шатанова

Мектеп авариялык абалда болгондуктан ата-энелер ал кайсы күнү урап калат деп сарсанаа болушат. Айыл тургуну Жамалкан Нарматованын бир баласы мектепке барат. Мектептин эскилиги жеткендиктен кышында жакшы деле жылыбай тургандыгын айтып, баласына суук тийип ооруп калаарын билдирди.

«Айылыбызда элдин саны аз болгондуктан каралбай деле калды. Мектептин абалынан адам уялат. Башка мекемелерибиз дагы эски, бала бакчаны сөз кылбай эле коёлу. Мектептин болгон жеринен жаракалар кетип, кышында жылыбай деле калды. Балдарым күн аябай суук болгондо ооруп калган учурлар болот. Менин эле балам эмес башка балдар дагы ошондой», — дейт Жамалкан Нарматова.

Ак-Кудук айылынын башчысы Каныбек Рыскелдиев жаңы мектептин курулушун бүтүрүү үчүн тийиштүү жерлерге кайрылганын айтат. Бирок жооптун баары эле каражатка барып такалат.

«Азыр мектептин фундаменти тургузулгандан башка эч кандай жумуш аткарыла элек. Биздин айылда бир дагы жаңы имарат жок. Бала бакча такыр эле жок», — деп билдирди айыл башчы.

«Республикалык бюджеттен акча бөлүнбөй жатат»

Сүрөт: Дилде Шатанова

Нарын облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын директору Жолдошбек Токтосунов «Клоопко» мектепти толук бүтүрүү үчүн бюджеттен акча бөлүнбөй жатканын билдирди. Анын себебин республикалык бюжетте акча тартыштыгы менен байланыштырды.

«Бул мектептин курулушу 2018-жылы башталып, фундаментин куюуга жалпы 4 млн сомдун тегерегинде акча которулган. Бирок калганы [55 млн сом] акча тартыш болгундуктан бөлүнбөй жатат. Жогору жактагыларга быйыл дагы сунуштадык», — деди ал.

Келишим боюнча мектеп 150 орунга ылайыкталып, спорт зал жана мектепке керектүү жабдыктардын баары ошол акчанын ичинде экенин кошумчалады.

«Акча бөлүнсө бир жарым жылда бүтүрүп беребиз»

«Тунук» ЖЧКсынын жетекчиси Сарбагыш Эсенбаев курулушка бюджеттен акча бөлүнбөй жатканда компания өз эсебинен 1 млн сомдон ашуун акчага иш аткарганын билдирди. Анын айтымында, өкмөт ал карызды кайтара элек.


«Биз тендерден утуп чыкканда алгач 2018-жылы 631 миң 360,8 сом которулган. Ошол боюнча 2019-жылы акча таптакыр бөлүнгөн эмес. 2020-жылы эки жолу акча которушту. Бүгүнкү күнгө чейин өкмөт тарабынан эки жарым миллион сом болүнгөн», — дейт компаниянын жетекчиси.


Эсенбаев бюджеттен акча толук бөлүнсө мектепти бир жарым жылда бүтүп берээрин кошумчалады.

«Айыл тургундары пайдубалды начар куйган деп айтып жатышыптыр, андай эмес. Биздин оор техникабыз пайдубалдын кырын сүзүп алган экен, кайра аны өзүбүздүн эсептен жасап ордуна келтиргенбиз», — деп билдирди Эсенбаев.

Макаланын авторлору: Найзабек Мукамбетов, Дилде Шатанова