Коронавирустан эки киши каза болуп, 22 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 1-мартта өлкөдө коронавирустун 22 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Коронавирустун тогуз учуру Бишкек шаарында катталды. Ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарында төрттөн, Нарын жана Жалал-Абад облустарында экиден, Талас облусунда бир кишиде COVID-19 инфекциясы аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 31 бейтап айыкты.

COVID-19дан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 24төн, Ош облусунда эки жана Нарын облусунда бир бейтап айыкты.

Мындан сырткары Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 86 251ге жетти. Алардын ичинен 83 210 бейтап айыгып, 1 466 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 353 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 16 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 283 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.