Жапаров 2-3-мартта мамлекеттик сапар менен Казакстанга барат — казак ТИМи

Казакстандын ТИМи 2-3-мартта кыргыз президенти Садыр Жапаров президент Касым-Жомарт-Токаевдин чакыруусу менен Казакстанга чакырылганын кабарлады.

Жолугушуу мамлекеттик иш сапары макамында өтөт — жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, протоколдук иш-чаралар жана эки тараптуу документтерге кол коюлушу пландалууда.

Казак ТИМи Жапаров казакстандык ишкерлер-кеңеши менен жолугарын кошумчалады.

Токаев Жапаровду инаугурациясы өткөндөн кийин дароо эле чакырган болчу. Жапаров президент катары алгачкы сапарын Казакстандан баштаарын убада кылып, бирок биринчи кезекте Орусияга барган.

Мындан тышкары, 1-февралда кыргыз тараптын демилгеси менен эки мамлекеттин ортосунда телефондук сүйлөшүү болгон. Казакстандын пресс-кызматынын маалыматына караганда, президенттер «кыргыз-казак достугунун, коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин бекемдигин бышыктоо» менен биргеликте алгылыктуу иш алып барууга даяр.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы дагы эки өлкөнүн башчылары «коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү» жана «соода-экономикалык, транспорттук-транзиттик кызматташтыкты өнүктүрүү» маселелери боюнча пикир алмашканын белгилеген.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алдыдагы жолугушуулардын графиги, анын ичинде кыргыз лидеринин Казакстанга болгон сапарына даярдык көрүү маселеси каралды.