Көрүстөнгө алып барып, өлтүрөбүз деп коркуткан. Опузалоого шектелген кытай жарандары кармалды

Бишкек шаарында 22-февралда өз мекендешинен 5 миң доллар опузалаган Кытайдын эки жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 19-февралда Кант шаарында бешке чукул бейтааныш адам чет элдик жаранды күч менен унаага отургузуп, Кара-Балта шаарына алып кетишкен. Андан соң барымтага алынган адамга «психологиялык кысым көрсөтүү үчүн» көрүстөнгө алып барып, күч колдонуп 5000 доллар талап кылышкан.

«Эртең менен аны шаарга алып келип ташташып, жабырлануучуда болгон 5 000 сомду алып, өздөрү белгисиз тарапка кетишкен. Мындан тышкары, шектүүлөр күч колдонуп коркутуп, дагы акча даярдоого буйрук беришкен», — деп билдиришти ведомстводон.

Мындан кийин дагы шектүүлөр жабырлануучудан акча опузалоону уланта беришкен. Аталган факт «Каракчылык» беренеси боюнча КЖБРге катталды.

Шектүүлөр 22-февраль күнү кечинде Бишкекте 1 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Убактылуу Бишкекте жашап жаткан 1985чи жана 1993-жылы туулган Кытайдын жарандары эки айга камакка алынды.